Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 06-октябрындагы № 76
Жашоо шарты начар,багар-короору жок,аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана УАМ,Афган согушунун катышуучуларына материалдык жардам берилиши жана кышка отун,суу менен камсыздалышы жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы жашоо шарты начар,багар-короору жок,аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана УАМ,Афган согушунун катышуучуларына материалдык жардам берилиши жана кышка отун,суу менен камсыздалышы жөнүндө Чолпон-Ата айыл өкмөтунун адиси Т.Жаныбекованын билдирүүсун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ж ашоо шарты начар,багар-короору жок,аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана УАМ,Афган согушунун катышуучуларына материалдык жардам берилиши жана кышка отун,суу менен камсыздалышы жөнүндө Чолпон-Ата айыл өкмөтунун адиси Т.Жаныбекованын билдирүүсү эске алынсын жана алгылыктуу иштер болуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бул токтом cholpon-ata.com сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |