БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XX-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 9
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Достук-Багыш» СПА-сынын 1230 метр суу каналдарын муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 20.02.2023-жылдагы № 01-15/131 «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Достук-Багыш» СПА-нын 1230 метр суу каналдарын Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Достук-Багыш» СПА-сынын 1230 метр суу каналдарын Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынсын жана муниципалдык менчикти аныктаган укук тастыктоочу мамлекеттик акт алуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага |
| Ж.Сейдахматов |