Сравнение редакций…
|
| 10-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын жарандарын жана эл аралык коомчулукту Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишмердиги жөнүндө маалымдар кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисин жана анын орун басарларын жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыз кылуу;
3) мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүүгө катышуу.
5. Бөлүм коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, сүйлөгөн сөздөрү, жолугушуулары жана ал катышкан башка иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды берүү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын иши менен байланышкан пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдама материалдары, башка маалыматты, ошондой эле видео-, фото-, жана аудиоматериалдарды даярдоо жана ЖМКларда жайылтуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш-сапарларын, жумушчу кыдырууларын, жолугушууларын, чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле республикада жана чет өлкөлөрдө мамлекет башчысы катышкан башка иш-чараларды маалымат жагынан камсыз кылууну уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин толук жана объективдүү чагылдыруу максатында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюу;
5) мамлекеттик маалымат саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо жана аларды ишке ашырууга катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук маанилүү чечимдерин маалыматтык коштоо стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча аларды ишке ашырууга катышуу;
7) өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү ири иш-чараларды координациялоо жана маалыматтык коштоо;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин жакшы кадыр-баркын калыптандырууга жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук жакшы пикирди түзүүгө багытталган иш-чараларга демилгечи болуу жана өткөрүү;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишмердигине карата ЖМКлардын позициясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине кечиктирбестен маалымат берүү;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин маанилүү маселелери жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн кабыл алган чаралар боюнча калк менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана ЖМК аркылуу өткөрүү;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин ЖМКнын өкүлдөрү менен басма сөз-конференцияларды, брифингдерди, интервьюларды жана башка жолугушууларын уюштуруу жана өткөрүү;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы иш-чараларды келечектүү жана оперативдүү пландаштырууга катышуу;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлгөн жыйналыштарга, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн ЖМКдагы макалалардын жана билдирүүлөрдүн баяндамасын, ошондой эле маалымкаттарды жана талдоо материалдарын даярдоо;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин маселелери, анын ичинде ички жана тышкы саясат боюнча анын позициясын түшүндүргөн сүйлөгөн сөздөрүнүн, иитервьюлардын, макалалардын, маалыматтык материалдардын жана тексттердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
16) Кыргыз Республикасынын Президентинин веб-сайтын колдоо, аны өркүндөтүү жана маалымат жагынан дайыма камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин негизги багыттары боюнча маалыматтык жана башка материалдардын системага салынган фондун, анын ичинде фото-, видео- жана аудиоархивдерди түзүү;
18) кураторлук кылган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо;
19) ЖМКнын өкүлдөрүн жана басмалардын кызматкерлерин сыйлоо жана кубаттоо жөнүндө сунуштарды киргизүү.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ЖМКга жайгаштырууга арналган материалдарды тез арада берүүнү талап кылууга;
3) ЖМКга чыгууларды, башка маалымат материалдарды жана талдоо маалымкаттарын даярдоо үчүн Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте тартууга;
4) ЖМКда Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин чагылдыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча өз ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга;
5) ЖМКда Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердиги жөнүндө сындап чыгууларга тез арада жооп кылууга;
6) ЖМКнын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын, тренингдерди, стажировкаларды уюштурууга;
7) белгиленген тартипте консультациялар үчүн эксперттерди жана адистерди тартууга;
8) журналисттерди аккредитациялоодон өткөрүүгө.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмгө жалпы жетекчиликти бөлүм башчы ишке ашырат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Сектордун башчысы жана бөлүмдүн эксперттери бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчысы:
1) орун басардын, сектор башчынын жана бөлүмдүн эксперттеринин ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт, талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлеринин тапшырмаларды аткарышы, документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдашы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен өтүүчү иш-чаралардын планына киргизүү үчүн маалыматтык саясаттын маселелери боюнча сунуштарды пландаштырат жана киргизет;
4) мамлекеттик маалымат саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизет жана аларды ишке ашырууга катышат;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук маанилүү чечимдерин маалыматтык коштоо стратегиясын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
6) өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү ири иш-чараларды координациялайт жана маалыматтык коштоону камсыз кылат;
7) ЖМКларда чагылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы чет өлкөлөргө иш-сапарларды, жумушчу барууларды жана башка иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешмелерди өткөрөт;
9) Кыргыз Республикасынын Президенти тапшырган маселелерди тез арада чечүү же Кыргыз Республикасынын Президенти карай турган маселелерди даярдоо үчүн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин белгиленген тартипте тартат;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо кеңешмелерге катышат;
11) бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисине сунуш киргизет;
12) бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо жана аларга карата тартиптик жазалоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
13) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
14) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт.
12. Бөлүм башчынын орун басары:
1) бөлүм башчысы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча бөлүмгө келип түшкөн документтерди кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча кеңешмелерге катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, сүйлөгөн сөздөрү, жолугушуулары жана ал катышкан башка иш-чаралар жөнүндө ЖМКларга маалыматтарды берет;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш-сапарларын, жумушчу кыдырууларын, жолугушууларын, сөз сүйлөшүн, ошондой эле республикада жана чет өлкөлөрдө мамлекет башчысы катышкан башка иш-чараларды маалымат жагынан камсыз кылууну уюштурат;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен өз ара аракеттенет;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун даярдоону уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин жакшы кадыр-баркын калыптандырууга жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук жакшы пикирди түзүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун мамлекеттик органдардын өз убагында беришине контролдук жүргүзөт;
10) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана талдоо маалымкаттарын түзөт;
11) бөлүм башчы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде өткөрүлүүчү кеңешмелерге катышат;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин негизги иш-чаралар планы боюнча сунуштарды даярдайт;
13) бөлүмдүн ар айлык иш планын түзөт;
14) бөлүмдүн кызматкерлерине сыйлоо жана жаза чараларын колдонуу жөнүндө бөлүм башчыга сунуш киргизет;
15) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү жана эмгектик тартипти камсыз кылат.
13. Сектордун башчысы сектордун ишине жетекчилик кылат, секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) маалыматтык саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
2) сектордун иши боюнча бөлүм башчыга сунуштарды киргизет;
3) сектордун кызматкерлеринин милдеттерин аныктайт;
4) сектордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза чара колдонуу жөнүндө бөлүм башчыга сунуштарды киргизет;
5) сектордун кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
6) сектордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14, Бөлүмдүн эксперттери:
1) белгиленген тартипте маалыматтык-талдоо ишин жүзөгө ашырат, маалыматтар базасын түзөт жана өздөрү кураторлук кылган жаатын өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин маселелери боюнча чыгып сүйлөөчү сөздөрдүн, интервьюлардын, макалалардын, маалыматтык материалдардын жана тексттердин долбоорлорун даярдоого катышат;
4) ЖМКда жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзөт жана алар боюнча талдоо маалымкаттарын даярдайт;
5) алардын функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча талдоо, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
6) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча алардын функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча жыйналыштарга, кеңешмелерге катышат;
7) алардын функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдама материалдарды, башка маалыматтарды, ошондой эле видео-, фото- жана аудиоматериалдарды даярдайт жана ЖМКда таркатат;
8) алардын функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча эл аралык тажрыйбаны иликтейт;
9) бөлүмдүн ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ