БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XX-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 7
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Багыш машина-трактордук станциясы» муниципалдык ишканасын түзүү жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 20.02.2023-жылдагы № 01-15/130 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Багыш машина-трактордук станциясы» муниципалдык ишканасын түзүү жана Уставын бекитүү берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап чыгып талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Багыш машина-трактордук станциясы» муниципалдык ишканасын түзүүгѳ уруксат берилсин.
2. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Багыш машина-трактордук станциясы» муниципалдык ишканасынын Уставын даярдоо жана бекитүү жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткаруу жагын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага |
| Ж.Сейдахматов |