БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XX-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 5
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине 20 гектар айыл чарба багытындагы сугат жер аянтын алуу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 13.02.2023-жылдагы № 01-15/120 «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Ой-Талаа участкасынын 254-контурунда жайгашкан 20 гектар айыл чарба багытындагы сугат жер аянты Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2003-жылдан 19-июнундагы №195 сандуу токтому менен «Кѳзү азиздер жана дүлѳйлѳр коому» ЖЧК-на бекитилип берилген, аталган жер аянтын Багыш айыл ѳкмѳтүнүн балансына кабыл алып берүү, муниципалдык менчикти аныктаган укук тастыктоочу мамлекеттик акт алуу жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Сузак районунун прокуратурасынын 2023-жылдын 10-февралындагы №11/1-7-2023 «Ченемдик укуктук актыларын бузулуусун четтетүү жѳнүндѳ» талабын карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Ой-Талаа участкасында 254-контурда жайгашкан 20 гектар айыл чарба багытындагы сугат жер аянтын Багыш айыл ѳкмѳтүнүн балансына муниципалдык менчик катары кабыл алынсын жана муниципалдык менчикти аныктаган укук тастыктоочу мамлекеттик акт алуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага |
| Ж.Сейдахматов |