Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XXII - сессия
2020-жылдын 23-январы № 96 / VII – XXII - 5
Жаран Абдыкаимова Кульбара Омурзаковнанын арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №41 үйүнүн тургуну Абдыкаимова Кульбара Омурзаковнанын 2020-жылдын 21-январь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 2,4 (эки,4) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №41 үйүнүн тургуну Абдыкаимова Кульбара Омурзаковнанын 2020-жылдын 21-январь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 2,4 (эки,4) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Омурбеков Таалайбек Сулайманкуловичке, Абдыкимова Кульбара Омурзаковнага, Омурбекова Аксана Таалайбековнага, Омурбеков Нурмат Таалайбековичке, Омурбеков Муратбек Таалайбековичке жана Таалайбек уулу Бекжанга бир жерден, мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 2,4 (эки,4) гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Омурбеков Таалайбек Сулайманкуловичке, Абдыкимова Кульбара Омурзаковнага, Омурбекова Аксана Таалайбековнага, Омурбеков Нурмат Таалайбековичке, Омурбеков Муратбек Таалайбековичке жана Таалайбек уулу Бекжанга жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 2,4 (эки,4) гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |