Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 13/4

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү айылдарга, көчөлөргө жана чакан объектилерге даректерди ыйгаруу боюнча түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер,курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы токтом кылат:

 

1. Тор-Камыш айылынын тургуну Атамкулов Анаркулдун кайрылуусу канааттандырылып, атасы маркум Атамкулов Дүйшөнүн ысымы Тор-Камыш айылынын башталышынан Дардак-Дөбө айылына чейинки негизги көчөгө ыйгарылсын.

2. Тор-Камыш айылынын тургуну Эрмекбаев Замирбектин кайрылуусу канаатандырылып, атасы Дубанаев Эрмекбайдын ысымы Тор-Камыш -2 көчөсүнө ыйгарылсын.

3. Капчыгай айылынын тургуну Иманалиев Шайырбектин кайрылуусу канаатандырылып, атасы Иманалиев Барпыбайдын ысымы Капчыгай участкасынын Мамыралиев көчөсүнүн жээгиндеги Керимбеков Марлендин үйү менен Шакиев Калмырзанын үйүнүн ортосунан кайрылган кыска көчөгө ыйгарылсын.

4. Кара-Ой айылынын тургуну Мырзагулова Күмүшайдын кайрылуусу канааттандырылып, атасы Мырзагулов Мадашбектин ысымы Кара-Ой айылындагы Дамба участкасына кайрылган көчөгө ыйгарылсын.

5. Көк-Тонду айылынын тургуну Кекеев Замирбектин кайрылуусу канааттандырылып, атасы Кекеев Айтынын ысымы Көк-Тонду участкасындагы көпүрөгө ыйгарылсын.

6. Тор-Камыш айылынын тургуну Жанузаков Болоттун кайрылуусу канааттандырылып, согуштун ардагери Кызыл-Туу орденинин ээси Жанузаков Көкчөнүн ысымы Тор-Камыш -4 көчөсүнө ыйгарылсын.

7. Алишова Махабаттын кайрылуусу канааттандырылып, чоң атасы Кожобеков Алиштин ысымы Жака-1 көчөсүнө ыйгарылып, “Алиш Ата” атындагы көчө деп аталсын.

8. Жогоруда ысымы ыйгарылган адамдардын үй бүлө мүчөлөрүнө айылдын социалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктык орнотуу, көпүрө, электр мамыларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн-түз катышуусу жана объекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.

9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер,курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

11. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысы М.Ызакановго, Кара-Ой айылынын башчысы А.Өмүрбаевге, Тор-Камыш айылынын башчысы М.Байысбековго жана жер адис Б.Ташыбековго милдеттендирилсин.

12. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

Төрага:

 

А.Назарбеков