Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш кезексиз сессия
2020-жылдын 19-августу № 107 / VII – 3
Жаран Дуйшегулов Рамис Каналбековичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Эфиронос айылынын, Самат Ата көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну Дуйшегулов Рамис Каналбековичтин 2020-жылдын 12-август айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 6,0 (алты) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 1993-жылдын 29-ноябрь айындагы №347 “Дыйкан чарбанын уставын каттоо жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Эфиронос айылынын, Самат Ата көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну Дуйшегулов Рамис Каналбековичтин 2020-жылдын 12-август айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 6,0 (алты) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Байсеркеева Сонунбугө, Дуйшегулов Каналбекке, Дуйшегулова Джумабугө, Дуйшегулов Марлис Каналбековичке, Дуйшегулова Динара Шамшиевнага, Токушева Гульмира Каналбековнага, Дуйшегулов Эрлис Каналбековичке, Дуйшегулова Назгуль Жаныбековнага, Дуйшегулов Рамис Каналбековичке жана Сандыбаева Дамира Каналбековнага бир жерден, мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 6,0 (алты) гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Байсеркеева Сонунбугө, Дуйшегулов Каналбекке, Дуйшегулова Джумабугө, Дуйшегулов Марлис Каналбековичке, Дуйшегулова Динара Шамшиевнага, Токушева Гульмира Каналбековнага, Дуйшегулов Эрлис Каналбековичке, Дуйшегулова Назгуль Жаныбековнага, Дуйшегулов Рамис Каналбековичке жана Сандыбаева Дамира Каналбековнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 6,0 (алты) гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |