Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVIII - сессия
2021-жылдын 22-январы № 124 / VII – XVIII - 6
Жаран Осмонов Мирлан Жолоевичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Гараж участкасынын №7 үйүнүн жашоочусу Осмонов Мирлан Жолоевичтин 2021-жылдын 18-январь айындагы кириш №01-6/1 “Жарандарга тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонуп жаткан, 4,2 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Гараж участкасынын №7 үйүнүн жашоочусу Осмонов Мирлан Жолоевичтин 2021-жылдын 18-январь айындагы кириш №01-6/1 “Жарандарга тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонуп жаткан, 4,2 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Осмонов Жолой Абдыжапаровичке, Шаршенбаева Айчурок Асанкуловнага, Осмонов Эрлан Жолоевичке, Осмонов Руслан Жолойевичке, Осмонов Мирлан Жолоевичке, Осмонов Нурлан Жолоевичке жана Осмонова Бактыгул Жолоевнага мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы, кайрак жердин ордуна берилген 4,2 гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Осмонов Жолой Абдыжапаровичке, Шаршенбаева Айчурок Асанкуловнага, Осмонов Эрлан Жолоевичке, Осмонов Руслан Жолойевичке, Осмонов Мирлан Жолоевичке, Осмонов Нурлан Жолоевичке жана Осмонова Бактыгул Жолоевнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы, 4,2 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |