Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVIII - сессия
2021-жылдын 22-январы № 129 / VII – XVIII - 1
“Алтын Жар” ЖЧК коомдун кайрылуу катын кароо
“Алтын Жар” ЖЧК коомунун 2021-жылдын 19-январь айындагы кириш №01-6/4 менен катталган “Келишимдин мөөнөтүн узартуу” өтүнүч кайрылуусун карап, 2020-жылдын 22-май айындагы “Кен казуу максатында жер тилкесин убактылуу колдонууга берүү жөнүндө” үч тараптуу келишимдин негизинде жана 2020-жылдын 22-май айындагы Орто айылдык кеңешинин №102/VII-1 токтомун эске алып, 2018-жылдын 19-май айындагы Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. “Алтын Жар” ЖЧК коомунун 2021-жылдын 19-январь айындагы кириш №01-6/4 менен катталган “Келишимдин мөөнөтүн узартуу” өтүнүч кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Алтын Жар” ЖЧК Суусамыр өрөөнүндөгү Токойлу жайытында алтын кенин казуу иштерин улантууга уруксат берилсин жана 2021-жылдан 2026-жылдын 31-декабрь айына чейин келишим жаңыртылып түзүлсүн.
3. Алтын кенин казууда жер кыртыштары бузулбоо керек жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү элдерге экологиялык зыяны тийбесин.
4. Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакеттин суммасы жылына 1 000 000 (Бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин жана социалдык пакет төлөмдөрү жылына үч транш аркылуу толугу менен аткарылсын.
5. “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.У.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |