Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш кезексиз сессия
2021-жылдын 5-февралы № 132 / VII - 2
Жаран Бейшекеева Нурзада Муктарбековнанын арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Давыденко көчөсүнүн №18 үйүнүн жашоочусу Бейшекеева Нурзада Муктарбековнанын 2021-жылдын 28-январь айындагы кириш №01-6/5 “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан, 2,4 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Давыденко көчөсүнүн №18 үйүнүн жашоочусу Бейшекеева Нурзада Муктарбековнанын 2021-жылдын 28-январь айындагы кириш №01-6/5 “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан, 2,4 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Сартбаева Марифатка, Омуралиев Абдырасулга, Омуралиева Бурулкан Абдрасуловнага, Керимкулов Жаналы Керималиевичке, Бейшекеева Айзада Муктарбековнага жана Бейшекеева Нурзада Муктарбековнага мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы кайрак жердин ордуна берилген 2,4 гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Сартбаева Марифатка, Омуралиев Абдырасулга, Омуралиева Бурулкан Абдрасуловнага, Керимкулов Жаналы Керималиевичке, Бейшекеева Айзада Муктарбековнага жана Бейшекеева Нурзада Муктарбековнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 2,4 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |