Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-октябрындагы № 22-6
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергеновдун, мал чарбачылыгы жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси А. Өскөналы уулунун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндөгү берген маалыматтары кошумча-алымчасы менен эске алынсын;
2. Ат-Башы айыл аймагында айдалган 77,0 гектар арпанын 7,0 гектары тоют катары чөпкө чабылып кеткендигине байланыштуу чөп катары чабылып кеткендиги белгиленсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
| К. Айдыралиев |