Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-октябрындагы № 22-3
Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы чыгыш №4/1201 сандуу катын кароо жөнүндө
Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы чыгыш №4/1201 сандуу Ат-Башы райондук аскер комиссариатынындагы аскерге чакыруу пунктун (имаратын) жаңыртуу үчүн “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна кайрылып жаткандыгына байланыштуу колдоо сураган катын канааттандыруу максатында жана Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын кызматкери К.Моңолбаевдин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын аскерге чакыруу пунктун (имаратын) кайрадан куруу үчүн жардам берүү жагы “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусуна жана башка тиешелүү фонддорго сунушталсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
| К. Айдыралиев |