Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-октябрындагы № 22-1
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 20-сентябрындагы Ат-Башы айылынын жашоочуларынын Ат-Башы айылынын жаңы даярдалып, бирок юридикалык жактан толук бекитиле элек башкы планына (генпланга) өзгөртүү киргизип берүүнү сурап жазган арызынын, ошондой эле 2022-жылдын 29-сентябрындагы Ат-Башы айылынын Химия чөлкөмүнүн тургундарынын “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр жер аянтынын максат багытын өзгөртүп, башкы планга киргизип берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын башкы планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин;
2. Ат-Башы айылынын башкы планына Ат-Башы айылынын Мухтар Өмүракунов атындагы борбордук көчөсүнүн туурасы 30 (отуз) метр, куруу сызыгы 3 (үч) метр кылып өзгөртүү киргизүү жагы “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик долборлоо институтуна сунушталсын;
3. Ат-Башы айылынын “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр жер аянтынын (4-02-01-1001-2789 идентификациялык коду) айыл чарба багытындагы жерлерин жеке турак жай куруу максат багытына өзгөртүп, Ат-Башы айылынын башкы планына киргизүү жагы “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик долборлоо институтуна сунушталсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевге милдеттендирилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
| К. Айдыралиев |