Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 16-октябры № 158-Б
Салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун
формасын бекитүү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Салыктык эмес кирешелерди талдоо бөлүмү:
- администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелерди жыйноону ишке ашырууну, башкы администраторлор тарабынан отчетторду түзүүнү жана отчеттук айдан кийинки айдын 10-числосуна чейин берүүнү, ошондой эле башкы администраторлор тарабынан бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелер боюнча отчетторду отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин берүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө мыйзамдарына ылайык администрациялануучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун өз убагында берилиши үчүн талдоону, жыйноону жана контролдоону камсыз кылсын;
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы Салыктык эмес кирешелерди талдоо бөлүмү менен бирдикте бул буйрук катталган күндөн тартып үч айдын ичинде салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулукту кабыл алуунун электрондук вариантын иштеп чыксын.
4. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтында расмий жарыялоону камсыздасын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү бул буйрукту түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиевге жүктөлсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр А.К. Бакетаев
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2024-ж. «_____»_______________№______
буйругуна тиркеме
______-ж._________________ үчүн башкы администратор _______________________ (ай)
(министрликтин же ведомствонун аталышы)
Салыктык эмес кирешелер боюнча ОТЧЕТУ
айлык (миң.сом)
Салыктык эмес кирешенин коду | Салыктык эмес кирешенин аталышы | ______ жыл октябрь | ______ жыл октябрь | Өсүү темпи | ||||||
|
| план | факт | % | план | факт | % | суммасы | Четтөө +/- | % |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өсүү жыйынтыгы менен
(миң.сом)
Салыктык эмес кирешенин коду | Салыктык эмес кирешенин аталышы | ______ жыл январь-октябрь | ______ жыл январь-октябрь | Өсүү темпи | ||||||
|
| план | факт | % | план | факт | % | суммасы | Четтөө +/- | % |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: СЭКТБ бышчысы:
Башкы бухгалтер: Аткаруучу:
Башкы администратордун айлык жана өсүп жаткан жыйынтыгы менен отчету отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.