Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 661
"Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 "Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Кыргызметаллпром) мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу юридикалык жак болуп аныкталсын.";
2) 3-пунктта "Дирекция" деген сөз "Кыргызметаллпром" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызметаллпром тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк базанын ачылышын камсыз кылсын.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ишкананын ишинин максаты түстүү жана кара металлдардын, пластик, металл буюмдарынын сыныктарын жана калдыктарын өндүрүүдөн, сатуудан жана кайра иштетүүдөн мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн пайда алуу, ошондой эле А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды утилдештирүү болуп саналат.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- конфискацияланган товарларды, А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды белгиленген тартипте утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруу;
- А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча уюмдар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүү.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу, онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- конфискацияланган товарларды, А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча коммерциялык иш;
- пластик, металл буюмдарын өндүрүү жана сатуу;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |