Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңшинин Депутаттарынын VIII Чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2023-жылдын 24-мартындагы № IV/III

 

Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө

Ача-Кайынды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы М.Үсөковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ача-Кайынды айыл аймагын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы М.Үсөковдун билдирүүсү канааттандырылсын.

2. Ача-Кайынды айыл аймагын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата жылдык бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 800,0мин(сегиз жүз мин)сомго бекитилсин.

3. Ача-Кайынды айыл аймагын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата жылдык бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 800,0мин(сегиз жүз мин)сомго бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовко жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы М.Үсөковко тапшырылсын.

 

 

Төрайым :

 

Г.Асанова