АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII Чакырылышынын кезексиз V/I сессиясынын
2023-жылдын 29-апрелиндеги № V/II
“Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл тургундарына “Айылдык аймактын ардактуу атуулу”наамын берүү жөнүндө”
Аталган маселе боюнча Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовдун жана Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын маалыматын угуп жана талкуулап, Ача-Кайынды айылдык кеңеши токтом кылат
1. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата“Ача-Кайынды айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын” 39.1.беренесине ылайык Ача-Кайынды айыл аймагынын төмөндөгү айыл тургундарына “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2 .Жаштарды-келечек муундарга окуу-тарбия берүүгө,билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Дөөлөтов Асекке, Аманова Тоюнбүбүгө, Асанова Гүландага;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы жана жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Асаналиев Муратбек Аматалиевичке, Барыктабасова Нургүл Осмоновнага, Сатиев Бактияр Жунусовичке, Жунусов Нурлан Турдубековичке;
- Ырчылык өнөрү менен Кыргыз Республикасынын маданият тармагына кошкон салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Асаналиев Токтобек Наматбековичке;
- Кыргыз элинин улуттук Эр эниш оюнун таанытуудагы жетишкен ийгиликтери жана Кыргыз Республикасындагы Эр эңиш оюнундагы бир нече байгелүү оорундарды камсыз кылгандыгы үчүн Итибаев Канат Табылдиевичке, Токтонаалы уулу Жекшенге;
- айыл аймактын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, кайрымдуулук ишмердиги,спонсорлугу үчүн Субанов Жолдошбек Өмүркановичке, Мамбетиминов Жумалыга,Такырбашов Дүйшөналы Бейшековичке,Мусаева Салкын Абдылдаевнага,Жакыпов Абылгазы Жолдошбековичке, Эсенгелдиев Кайратка;
3. Бекитилип берилген“Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамына керектелүүчү чыгымдар Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн бюджетинен кароо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрайым : |
| Г.Асанова |