Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-ноябры № 666
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 85, 2026-жылдын 4-февралындагы № 56 , 2026-жылдын 7-февралындагы № 69 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциянын номиналдык наркы 100,0 (жүз) сомго барабар болгон 10000,0 (он миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 1000000,0 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталында 100 пайыз мамлекеттин катышуусу менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Фонддун акционери (катышуучусу) катары чыксын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 85, 2026-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомдорунун редакцияларына ылайык).
3. Фонддун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке белгиленген тартипте төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилсин:
1) Фонддун жайгаштырылган акцияларына акы төлөөнү камсыз кылууга;
2) Фондду уюмдаштыруу учурунда чыгарылган акцияларды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоону камсыз кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында Фондду мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө;
4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык бекитилген Фонддун уставына ылайык Фонддун башкаруу органдарына кызмат адамдарын дайындоо жөнүндө тиешелүү чечимдерди даярдоону камсыз кылууга;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүүгө.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке Фонддун уставдык капиталын түзүү үчүн 1000000,0 (бир миллион) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Фондду жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-февралындагы N 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-февралындагы N 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 87 (3641) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |