Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 токтомуна) |
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому, мындан ары "Фонд" деп аталып, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлдү.
2. Фонддун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому";
- расмий тилде: "Открытое акционерное общество "Национальный инвестиционный фонд Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "National Investment Fund of the Kyrgyz Republic" Open Joint Stock Company".
Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ААК";
- расмий тилде: "ОАО "Национальный инвестиционный фонд Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "National Investment Fund of the Kyrgyz Republic" OJSC".
3. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
4. Фонддун уюмдаштыруучусу жана жалгыз акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Фонддун жалгыз акционери) саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда каралган Фонддун жалгыз акционеринин ыйгарым укуктарын же Фонддун жалгыз акционеринин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Фонддун жалгыз акционери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Фондду жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда Фонд белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
2. Фонддун юридикалык статусу
6. Фонд ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
7. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
8. Фонд Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Уставдын, Фонддун ички документтеринин, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт. Фонддун ушул Уставынын талаптары Фонддун бардык органдары, Фонддун тобуна кирген юридикалык жактар үчүн милдеттүү болот.
9. Фонддун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өзүнүн эмблемасы болот, ошондой эле белгиленген тартипте катталган товардык белгиси жана визуалдык идентификациялоонун башка каражаттары болушу мүмкүн.
10. Фонд өз менчигинде өз алдынча баланста эсепке алынган обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып ала алат жана ишке ашыра алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11. Фонддун иши толук чарбалык өз алдынчалуулук, өзүн-өзү каржылоого жана өзүн-өзү актоого негизделген. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, Фонддун чарбалык жана башка иштерине мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
12. Фонд өзүнүн финансылык, өндүрүштүк, чарбалык жана башка ишин ушул Уставда каралган максаттардын жана милдеттердин чегинде пландаштырат.
13. Фонддун ишин каржылоо өздүк жана тартылган каражаттардын, анын ичинде акциялардын пакети же үлүшү Фонддун менчигинде турган юридикалык жактардын (мындан ары - Фонддун тобу) дивиденддери боюнча уставдык капиталдын каражаттарынын жана кирешелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
14. Фонд Кыргыз Республикасынын жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошондой эле Кыргыз Республикасы Фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
15. Фонд өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алынышы мүмкүн болгон өзүнүн мүлкү менен жоопкерчилик тартат. Фонддун жалгыз акционери өзүнө таандык болгон акциялардын наркынын чегинде Фонддун иши менен байланышкан чыгымдардын тобокелдигин тартат.
16. Фонд Кыргыз Республикасынын сотторунда, чет өлкөлүк соттордо, эл аралык арбитраждарда доогер жана жоопкер боло алат, административдик териштирүүлөргө катыша алат.
3. Фонддун максаттары, милдеттери жана ишинин түрү
17. Фонддун ишинин максаты Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Фондго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу аркылуу алардын наркынын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, жергиликтүү жана эл аралык капитал рыногуна андан ары чыгуу болуп саналат.
18. Фонд төмөнкү милдеттерди ишке ашырат:
1) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарда акционердин (катышуучунун) функцияларын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фондго менчик укугунда же ишенимдүү башкаруунун күчү менен таандык болгон башка мүлктү башкаруу;
2) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) Фондго, ошондой эле Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарга ар кандай формада кошумча инвестицияларды тартууга көмөктөшүү жана тартуу;
4) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын жергиликтүү жана эл аралык фондулук рынокторго чыгышын камсыз кылуу;
5) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
6) өздөрүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
7) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын кадрдык потенциалын калыптандыруу, өнүктүрүү жана башкаруу.
19. Фонд Фонддун өнүктүрүү стратегиясына жана Фонддун жалгыз акционеринин жана Фонддун директорлор кеңешинин чечимдерине ылайык башка милдеттерди ишке ашырат.
20. Фонддун ишинин негизги түрү болуп акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү) Фондго таандык болгон же Фонддун башкаруусунда турган юридикалык жактардын натыйжалуу башкаруусу саналат.
21. Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу иштин айрым түрлөрүн Фонд атайын уруксаттын жана/же лицензиянын негизинде жүргүзө алат.
4. Фонддун укугу
22. Фонд ушул Уставда каралган Фонддун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана аларга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда берилген бардык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу. Фонд Фонддун максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун иш менен алектене алат. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык укуктун ченемдеринде каралган кандай болбосун ыкмалар менен өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт.
23. Фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жайгашкан банктарда жана башка финансы мекемелеринде улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада да эсептерди ачууга, убактылуу бош акча каражаттарын финансылык инструменттерге жайгаштырууга укуктуу.
24. Фонд кызматкерлерге эмгек акы төлөө, материалдык-техникалык жабдуу, социалдык өнүктүрүү, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана даярдоо менен байланышкан маселелерди өз алдынча чечет.
25. Фонд өзүнүн атынан келишимдерди, макулдашууларды, контракттарды, анын ичинде тышкы экономикалык келишимдерди түзө алат, имараттарды, курулмаларды, ишканаларды, транспорт каражаттарын жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ала алат жана ижарага бере алат, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып, ошондой эле кандай болбосун коммерциялык бүтүмдөрдү жасай алат, милдеттерди аткарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген аракеттерди жасай алат.
26. Фонд Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте акцияларды, облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууга, сатууга, жайгаштырууга, сатып алууга укуктуу.
27. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдү, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, туунду жана көз каранды коомдорду, фонддорду, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, региондук бөлүмдөрдү жана кеңселерди түзө алат, аларга өз мүлкүнүн эсебинен фонддорду жана зарыл каражаттарды бере алат, алардын иш тартибин аныктай алат, Фонд тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын же мекеменин өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык штаттык расписаниени белгилей алат, ошондой эле алардын ишин методикалык жетектөөнү жана координациялоону жүзөгө ашыра алат.
28. Фонд ушул Уставда каралган Фонддун максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу же аларга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкаркы башка юридикалык жактардын уставдык капиталдарына жана ишине катыша алат.
29. Фонд коммерциялык жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтардын мазмунун жана көлөмүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды коргоонун тартибин өз алдынча аныктайт.
30. Фонд Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктардын ээси боло алат, ошондой эле лицензиялык келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалана алат.
Фонд белгиленген тартипте Фонддун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды, телекөрсөтүү, видеоканалдарды жана интернет-сайттарды уюштурууга укуктуу.
31. Фонд кыргыз, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактардан улуттук жана чет өлкөлүк валютада зайымдарды жана кредиттерди алууга жана алынган каражаттарды өзүнүн уставдык ишин жүргүзүү максатында пайдаланууга укуктуу. Фонд Фонддун ишин ийгиликтүү жүргүзүү максатында гранттык, кредиттик жана зайымдык негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзө алат.
32. Фонд Фонддун каражаттарын инвестициялоого жана/же кайра инвестициялоого укуктуу. Фонд Фонддун максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен Фонддун инвестициялык саясатын жүзөгө ашырат.
33. Фонд жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен соода, экономикалык, илимий жана техникалык ишти жана кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
34. Фонд өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
35. Фонд Фонддун атынан айрым операцияларды жүзөгө ашырууга ишеним каттарды берүүгө укуктуу.
36. Фондду кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
37. Фонд ушул Уставдын талаптарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу эрежелерин бекитүүгө укуктуу.
Фонд Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде эл аралык сатып алууларды жүргүзө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган башка укуктарды жүзөгө ашырат жана башка милдеттерди аткарат.
5. Фонддун мүлкү, уставдык капиталы, акциялары жана башка баалуу кагаздары
39. Фонддун мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, башка мүлк жана мүлктүк укуктар түзөт, алардын наркы Фонддун балансында чагылдырылат.
40. Фонддун мүлкү анын ишин камсыз кылуу үчүн багытталган, Фондго менчик укугунда таандык жана Фонддун жалгыз акционери тарабынан Фонддун сатып алынган акциялары, Фонддун ишинин натыйжасында алынган кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негиздер боюнча сатып алынган башка мүлк үчүн акы төлөө катары уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын жана башка мүлктүн эсебинен түзүлөт.
41. Фонд тарабынан түзүлүүчү филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн мүлкү Фондго менчик укугунда таандык болот жана анын балансында эсепке алынат.
42. Фонддун уставдык капиталы Фонддун өзүнүн акцияларын жайгаштыруунун натыйжасында анын ишин камсыз кылуу үчүн түзүлөт. Уставдык капитал акционер тарабынан Фонддун акцияларын акча каражаттарынын жана башка мүлктүн эсебинен алардын номиналдык наркы боюнча сатып алуу аркылуу түзүлөт.
43. Уставдык капитал Фонддун акцияларынын жалпы номиналдык наркына барабар жана 1001000000 (бир миллиард бир миллион) сомду түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Фонддун уставдык капиталы 10010000 (он миллион он миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн, алардын ар биринин номиналдык наркы 100 (жүз) сомду түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Фонд жөнөкөй акцияларды документсиз түрдө чыгарат.
46. Фонддун акциялары мамлекеттик менчик болуп саналат жана Фонддун акцияларын фондулук биржада, бирок Фонддун акцияларынын 20 пайызынан ашык эмесин ачык сунуштоо жолунан тышкары ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.
47. Фонд өзүнүн акцияларын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында алардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон кийин жайгаштырат.
48. Акцияларга акы төлөө акционер тарабынан Фонддун жалгыз акционеринин чечими менен бекитилген тартипте акча каражаттары, баалуу кагаздар, башка мүлк жана мүлктүк укуктар, анын ичинде акчалай баага ээ болгон интеллектуалдык менчик объекттерине укуктар менен жүзөгө ашырылат. Акцияларга акы төлөө эсебине салынган мүлк Фондго таандык болот.
49. Акча каражаттарынан тышкары башка мүлк (баалуу кагаздардан тышкары) менен акы төлөө көз карандысыз баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган баа боюнча жүзөгө ашырылат.
50. Эгерде жайгаштырылуучу акцияларга акы төлөөгө мүлктү пайдалануу укугу киргизилсе, мындай укукту баалоо бул мүлктү Фонд тарабынан пайдалануунун бүткүл мөөнөтү үчүн акынын өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Фонддун жалгыз акционеринин макулдугусуз мындай мүлктү алып коюуга тыюу салынат.
51. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдагы чыгарылышты жайгаштыруунун жыйынтыктары катталгандан кийин гана акцияларды кошумча чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Уставдык капиталдын өлчөмү кошумча акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен көбөйтүлүшү мүмкүн. Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү же азайтуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Фонд тарабынан кошумча чыгарылган акциялардын баасы, ошондой эле чыгарылуучу акциялардын саны, аларды жайгаштыруу мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун жалгыз акционеринин чечими менен аныкталат. Фонддун акцияларынын кошумча чыгарылышын гана жабык жайгаштырууга жол берилет. Фонд Фонддун акцияларынын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыктары катталганга чейин Фонддун акцияларын кошумча чыгарууга укуксуз.
53. Фонд Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча жүгүртүлүүчү акциялардын санын Фонд тарабынан акциялардын бир бөлүгүн сатып алуу жолу менен же аларды консолидациялоо жолу менен азайтууга укуктуу.
54. Фонддун акцияларына менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында реестрди кармоочунун өздүк эсептериндеги жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.
55. Долбоорлорду каржылоо максатында кошумча каражаттарды тартуу үчүн Фонд Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу. Облигацияларды чыгаруунун формасы, көлөмү, жайгаштыруу тартиби, төлөө мөөнөтү жана башка шарттары (мөөнөтүнөн мурда төлөө шарттарын кошкондо) Фонддун жалгыз акционеринин чечими менен аныкталат.
6. Дивиденддер
56. Бардык салыктар жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Фонддун пайдасы Фонддун карамагында калат, дивиденд түрүндө Фонддун жалгыз акционерине төлөнөт, Фонддун резервдик фондуна которулат жана Фонддун ишин өнүктүрүүгө же Фонддун жалгыз акционеринин чечими менен каралган башка максаттарга жумшалат.
57. Фонд дивиденддерди төлөөгө жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча Фонддун карамагында калган таза пайданын 25 пайызынан кем эмесин жумшоого тийиш. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө, дивиденддердин өлчөмү жана акциялар боюнча аларды төлөөнүн формасы жөнүндө чечим Фонддун жалгыз акционери тарабынан кабыл алынат.
58. Дивиденддер Фонддун жалгыз акционеринин менчиги болуп саналат.
59. Дивиденддер акча каражаттары менен төлөнөт. Дивиденддер ошондой эле акциялар (пайданы капиталдаштыруу), баалуу кагаздардын башка түрлөрү, мүлк, акчалай баага ээ болгон мүлктүк же башка укуктарды өткөрүп берүү түрүндө төлөнүшү мүмкүн.
60. Фонддун бир жөнөкөй акциясына эсептелген дивиденддердин өлчөмү Фонддун директорлор кеңеши сунуштагандан көп болбошу керек, бирок Фонддун жалгыз акционери тарабынан азайтылышы мүмкүн.
61. Дивиденддерди төлөө башталуучу дата Фонддун жалгыз акционеринин дивиденддерди төлөө (төлөө күнү) жөнүндө чечими менен аныкталат жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 30 календарлык күндөн эрте жана 120 календарлык күндөн кеч болушу мүмкүн эмес.
62. Эгерде дивиденддерди төлөө учурунда Фонд Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкроттук (кудуретсиздик) белгилерине жооп берсе же көрсөтүлгөн белгилер дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында Фонддо пайда болсо, Фонд акциялар боюнча дивиденддерди жарыялоого жана төлөп берүүгө укуксуз.
7. Акционерлердин реестри
63. Фонд Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарына ылайык Фонддун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылат.
64. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жооп берген жана реестрди жүргүзүү боюнча өзүнүн ишин тиешелүү лицензиянын жана Фонд менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырган, Фонддон көз карандысыз каттоочу Фонддун акционерлеринин реестрин кармоочу болуп саналат.
65. Фонддун акционери акционерлердин реестрине жазуу киргизилген учурдан тартып Фонддун акциялары боюнча бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болот.
66. Фонд баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттүн ичинде акционерлердин реестринин баштапкы эсепке алуу документтерин, чогулуштардын протоколдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик архивге өткөрүп берүү менен, бирок беш жылдан кем эмес мөөнөттө сактоону камсыз кылат.
67. Фонддун акционерлеринин реестрине жазуулар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, мындай иш-аракет үчүн негиз болгон документтер берилген учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен киргизилет.
68. Акционерлердин реестринин жана жеке эсептердин мазмуну коммерциялык сыр болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, Фонддун макулдугу же акционердин өзүнүн макулдугу менен гана ачыкка чыгарылууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш.
69. Фонддун атынан көз карандысыз реестр кармоочу менен келишим Фонддун башкармасынын төрагасы же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан түзүлөт.
8. Резервдик фонд
70. Фонд резервдик фонд түзүүгө укуктуу. Резервдик фонд Фонддун таза кирешесинен гана түзүлөт.
71. Резервдик фондду түзүү жөнүндө чечим Фонддун жалгыз акционери тарабынан кабыл алынат.
72. Резервдик фонд Фонддун директорлор кеңеши тарабынан сунушталган жыл сайын чегерүүлөр аркылуу Фонддун уставдык капиталынын өлчөмүнөн 10 пайыздан көм эмес өлчөмдө түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмү Фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин таза пайданын 5 пайызынан кем жана 15 пайызынан көп болушу мүмкүн эмес.
73. Резервдик фонд Фонддун жана анын туунду компанияларынын күтүлбөгөн чыгымдарын жабууга, ошондой эле Фонддун облигацияларын төлөөгө жана башка каражаттар жок болгон учурда Фонддун акцияларын сатып алууга арналган.
74. Резервдик фонд Фонддун жалгыз акционери белгилеген башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
9. Фонддун башкаруу органдары
75. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун жалгыз акционери - Фонддун жогорку башкаруу органы;
2) Фонддун директорлор кеңеши - Фонддун ишине жалпы жетекчилик кылуучу жана Фонддун аткаруу органынын ишине контролду жүзөгө ашыруучу Фонддун коллегиялуу органы;
3) Фонддун башкармасы - Фонддун учурдагы ишин түздөн-түз башкаруучу Фонддун коллегиялуу аткаруу органы;
4) Фонддун бюджет жана аудит боюнча комитети - Фонддун контролдоо органы.
76. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдарынын иши Фонддун ушул Уставы жана Фонддун ички документтери (жоболору) менен жөнгө салынат.
10. Фонддун жалгыз акционери
77. Фонддун жалгыз акционери "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда аныкталган Фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечим кабыл алуу укугу бар жогорку башкаруу органы болуп саналат.
78. Фонддун жалгыз акционери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Фондду башкарууга катышууга;
2) дивиденддерди алууга;
3) Фонддун иши жөнүндө маалымат алууга, анын ичинде Фонддун финансылык отчету менен таанышууга;
4) Фонд чыгарган акцияларды артыкчылыктуу тартипте сатып алууга;
5) Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого;
6) Фонддун органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди белгиленген тартипте талашууга;
7) Фонддун иши жөнүндө аффилирленген уюмдар боюнча, анын ичинде жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды суроо-талапта белгиленген мөөнөттө же суроо-талап алынган учурдан тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен алууга;
8) Фонд жоюлганда мүлктүн бир бөлүгүн алууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун акцияларын же анын акцияларына конвертирленген башка баалуу кагаздарын артыкчылыктуу сатып алууга;
10) Фонддун жалгыз акционеринин кароосуна киргизүү үчүн кошумча маселелерди киргизүүнү сунуш кылууга;
11) Фонддун директорлор кеңешинин жана Фонддун башкармасынын жыйналышын чакырууну талап кылууга;
12) аудитордук уюм тарабынан Фонддун аудитин жүргүзүүнү талап кылууга;
13) Фондго анын ишине карата жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар менен кайрылууга жана суроо-талапта белгиленген мөөнөттө жүйөлүү жоопторду алууга;
14) өзүнүн укуктары бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация алууга;
15) Фонддун башкаруу органдары менен Фонддун жалгыз акционеринин негизги укуктарын сактоо жана корпоративдик башкаруу саясаты маселелерин талкуулоого;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Фонддун кызмат адамдары тарабынан Фондго келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана Фонддун кызмат адамдары жана (же) алардын аффилирленген жактары тарабынан ири бүтүмдөрдү жана (же) жасоого кызыкчылыгы бар бүтүмдөрдү түзүү (түзүүгө сунуш) жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжасында алынган пайданы (кирешени) Фондго кайтарып берүү жөнүндө талап менен сот органдарына өз атынан кайрылууга.
79. Фонддун жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга да ээ.
80. Фонддун жалгыз акционери Фонддун ички ишине тиешелүү маселелер боюнча Фонддун башка органдарынын кандай болбосун чечимин жокко чыгарууга укуктуу.
81. Фонд жыл сайын Фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленген мөөнөттө, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен акционерлердин жалпы чогулушун (акционерлердин жылдык жалпы чогулушун) өткөрүүгө милдеттүү.
82. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан тышкары өткөрүлгөн чогулуштар кезексиз болуп саналат.
83. Фонддун бардык добуш берүүчү акциялары Фонддун жалгыз акционерине таандык болгон бардык мезгил ичинде Фонд төмөнкү милдеттерден эркин деп таанылат: акционерлерге билдирүү, акционерлердин жалпы чогулушуна даярдык көрүү, кворумду аныктоо, добуш берүү жана акционерлердин жалпы чогулушунда добуштарды эсептөө боюнча.
84. "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына киргизилген маселелер боюнча чечимдер Фонддун жалгыз акционери тарабынан жыйналышты уюштуруунун зарылдыгы жок жеке кабыл алынат жана жазуу жүзүндө чечим, тескеме, протокол түрүндө таризделет. Фонд ушул Уставга ылайык Фонддун жалгыз акционеринин чечимдеринин көчүрмөлөрүнүн сакталышың камсыз кылууга тийиш.
85. Фонддун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу төмөнкү учурларда чакыртылышы мүмкүн:
1) Фонддун төлөөгө кудуретсиздик коркунучу келип чыккан учурда;
2) ушул Уставды өзгөртүүнү жана/же башка кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылган Фонддун ишинин укуктук жана экономикалык шарттары олуттуу өзгөргөн учурда;
3) Фонддун уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү маселелерин чечүү максатында;
4) Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча, ошондой эле Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруудан ыктыярдуу баш тарткан учурда;
5) башка учурларда, эгерде муну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав жана/же бүтүндөй Фонддун кызыкчылыктары талап кылса.
86. Фонд акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдар Фонддун жалгыз акционерине бул маселелер боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл жана жетиштүү көлөмдө берилишин камсыз кылат. Акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибинин маселелери боюнча материалдар Фонд тарабынан акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлө турган датага чейин 14 календардык күн калганда берилүүгө тийиш.
87. Фонддун жалгыз акционери акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга жана каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу добуш берүүгө укуктуу.
88. Фонддун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) Фондду кайра уюштуруу;
2) Фондду жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
3) Фонддун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда бекитүү;
4) Фонддун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү же азайтуу, аларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун же болбосо сатып алуунун шарттары, ошондой эле акцияга конвертирленүүчү башка баалуу кагаздар жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Фонддун кошумча чыгарылуучу акцияларын же акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Фонд тарабынан акцияга конвертирленбеген облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) Фонддун акцияларын же акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга акционердин артыкчылыктуу укугун колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Фонддун тобуна кирген компаниялардын тизмегин аныктоо, алардын мүлкүн ажыратууга же чектөөгө багытталган бүтүмдөр Фонддун жалгыз акционеринин чечимине ылайык түзүлөт;
9) Фонд же Фонддун тобуна кирген жана Уставдын ушул пунктунун 8-пунктчасына ылайык Фонддун жалгыз акционери тарабынан аныкталуучу тизмекте турган компания тарабынан Фонддун мүлкүн ажыратууга же чектөөгө багытталган бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
10) Фонддун тобуна кирген компанияларда алардын уюмдаштыруу документтерин өзгөртүү, аларды кайра уюштуруу же жоюу, алар тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу, алардын уставдык капиталдарынын өлчөмүн өзгөртүү, алардын уставдарына ылайык ири бүтүмдөрдү жактыруу маселелери боюнча Фонддун башкармасынын акционер катары ишин жактыруу;
11) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонд тарабынан наркы Фонддун активдеринин баланстык наркынын 70 пайызынан ашкан ири бүтүмдү жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ошондой эле аларга төлөнүүчү сыйакынын жана/же компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
13) Фонд тарабынан чыгарылган артыкчылыктуу акцияларды анын жөнөкөй акцияларына конвертациялоо;
14) Фонддун кирешесин бөлүштүрүү же чыгымдарын жабуу тартиби, дивиденддеринин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
15) Фонддун туунду компанияларынын кирешелерин бөлүштүрүү тартиби, дивиденддеринин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) Фонддун жылдык бюджетин, жылдык отчетторун, баланстарын, кирешелер жана чыгымдар эсептерин бекитүү;
17) мурдагы акционер же акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштары тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
18) ушул Уставдын жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен Фонддун жалгыз акционеринин компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү.
89. Ушул Устав менен Фонддун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер Фонддун башка башкаруу органдарынын компетенциясына киргизилиши мүмкүн эмес.
11. Фонддун директорлор кеңеши
90. Фонддун директорлор кеңеши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) ушул Уставда Фонддун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди чечүүнү кошпогондо, Фонддун ишин жалпы жетектөөнү жана Фонддун аткаруу органынын ишин контролдоону жүзөгө ашырган Фонддун коллегиалдуу органы.
Фонддун директорлор кеңеши Фонддун жалгыз акционеринин чечимдерине каршы келген чечимдерди кабыл алууга укуксуз.
91. Фонддун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет:
1) Фондду өнүктүрүү стратегиясын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле Фондду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
2) Фондду өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы боюнча отчетторду иштеп чыгуу, бекитүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, берүү тартибин, ошондой эле Фондду өнүктүрүү стратегиясынын мазмунуна карата талаптарды аныктоо;
3) Фонддун корпоративдик башкаруу, ички контроль жана аудит, инвестицияларды жана капиталдык салымдарды жүзөгө ашыруу жаатындагы саясатын, ошондой эле дивиденддик саясатты, Фонддун тобуна кирген компаниялардын кадрларын башкаруу боюнча саясатты бекитүү, анын ичинде саналган саясаттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4) Фонддун ушул Уставда каралган башка ички документтерин бекитүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо, Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордун ээлөөгө талапкер болгон талапкерлерге карата кошумча талаптарды бекитүү;
6) Фонддун башкармасы жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
7) Фонддун башкармасынын төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, аларга сый акы төлөөнүн өлчөмүн, шарттарын жана тартибин бекитүү;
8) келишим боюнча аткаруу органынын ыйгарым укуктарын башкаруучу компанияга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу, ошондой эле башкаруучу компанияга карата талаптарды жана башкаруучу компания менен түзүлүүчү келишимдин шарттарын бекитүү;
9) Фондду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жана Фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Фонддун башкармасынын кварталдык жана жылдык отчетторун кароо;
10) Фонддун мүлкүн ажыратууга же чектөөгө багытталган бүтүмдөрдү Фонд же Фонддун тобуна кирген компания тарабынан түзүү жөнүндө сунушту алдын ала кароо жана Фонддун жогорку башкаруу органына киргизүү;
11) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага Фонд тарабынан наркы Фонддун активдеринин баланстык наркынын 20дан 70 пайызына чейинки ири бүтүмдү жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдү жасоого кызмат адамдарынын кызыкчылыгы бар болсо, таанылган рыноктук котировкалардын же мүлктү көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде мүлктүн рыноктук баасын аныктоо;
13) Фонддун директорлор кеңешинин алдында комитеттерди түзүү, жоюу, алардын жеке курамын түзүү жана алардын иши жөнүндө жоболорду бекитүү;
14) Фонддун тобуна кирген компанияларда алардын уюмдаштыруу документтерин өзгөртүү, аларды кайра уюштуруу же жоюу, алар тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу, алардын уставдык капиталдарынын өлчөмүн өзгөртүү, алардын уставдарына ылайык ири бүтүмдөрдү жактыруу маселелери боюнча акционер катары Фонддун башкармасынын ишин алдын ала жактыруу;
15) Фонддун директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитеттин сунушу боюнча Фонддун тышкы аудиторун бекитүү, ошондой эле анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;
16) ушул Уставга ылайык резервдик фондду пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
17) Фонддун аткаруу органы тарабынан коррупцияга каршы саясатты түзүү жана аткарылышын контролдоо;
18) корпоративдик катчыны шайлоо жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, корпоративдик катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, ага карата талаптарды, анын функцияларын, иш тартибин, кызматтык маянасынын өлчөмүн жана ага сый акы төлөө шарттарын аныктоо;
19) Фонддун директорлор кеңешинин катчылыгын түзүү;
20) Фонддун жалгыз акционерине Фонддун акциялары боюнча дивиденддин өлчөмү жана аны төлөө тартиби боюнча сунуштамаларды даярдоо;
21) Фонддун жалгыз акционерине Фонддун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүүнүн же азайтуунун шарттары жана тартиби, көлөмү жөнүндө сунуштамаларды даярдоо;
22) Фонддун жалгыз акционерине Фондду кайра уюштуруу тууралуу негизделген сунуштамаларды берүү;
23) акционерлердин жалпы чогулушунда кароо үчүн материалдарды даярдоо;
24) Фонддун акционерлеринин жалпы чогулушунун күн тартибин, ошондой эле Фонддун акционерлеринин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди бекитүү;
25) Фонддун жалгыз акционеринин чечимдеринен келип чыгуучу чечимдерди кабыл алуу жана мындай чечимдердин аткарылышын контролдоо;
26) Фонддун сатып алууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен Фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына кирген же Фонддун директорлор кеңешинин кароосуна Фонддун башкармасы тарабынан чыгарылган башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Ушул Устав менен Фонддун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелер Фонддун башка башкаруу органдарынын компетенциясына киргизилиши мүмкүн эмес.
93. Фонддун директорлор кеңеши жети мүчөдөн турат. Фонддун директорлор кеңешинин жеке курамы Фонддун жалгыз акционеринин чечиминин негизинде түзүлөт жана төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Фонддун директорлор кеңешинин курамындагы үч орунду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар (мындан ары - саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар) ээлейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы;
2) Фонддун директорлор кеңешинин курамындагы эки орунду саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген, Фонддун акционерлеринин кызыкчылыктарын билдирген адамдар ээлейт;
3) Фонддун директорлор кеңешинин курамындагы эки орунду саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген, Фонддун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү катары шайланган адамдар ээлейт.
94. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Фонддун директорлор кеңешинин төрагасына таандык. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн башка талапкерлер Фонддун жалгыз акционери тарабынан көрсөтүлөт.
95. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо) өздөрүнүн милдеттерин аткаруу жана Фонддун жана Фонддун жалгыз акционеринин кызыкчылыгында Фонддун директорлор кеңешинин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон ишкердик жана/же тармактык чөйрөдөгү тиешелүү иш тажрыйбасына, билимге, квалификацияга жана жетишкендиктерге ээ болууга тийиш.
96. Фонддун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер төмөнкү негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) Фонддун директорлор кеңешине ал шайланганга чейинки үч жыл ичинде Фонддун аффилирленген жагы болуп саналбаса;
2) Фонддун аффилирленген жактарына карата аффилирленген жак болуп саналбаса;
3) Фонддун директорлор кеңешине ал шайланганга чейинки үч жылдын ичинде Фонддун же Фонддун аффилирленген жактарынын - уюмдарынын баш ийген адамдары болуп саналбаса;
4) мамлекеттик кызматчы болуп саналбаса;
5) Фонддун директорлор кеңешине ал шайланганга чейинки үч жылдын ичинде Фонддун башкаруу органдарынын жыйналыштарында Фонддун жалгыз акционеринин өкүлү болуп саналбаса;
6) аудитор катары Фонддун аудитине катышпаса жана Фонддун директорлор кеңешине ал шайланганга чейинки үч жыл ичинде мындай аудитке катышпаса.
97. Фонддун директорлор кеңеши саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата башка талаптарды бекитиши мүмкүн.
98. Фонддун директорлор кеңеши өзүнүн курамына кандайдыр бир адамдарды киргизүүгө же болбосо башка тартипте Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишеним кат боюнча башка адамга берилиши мүмкүн эмес болгон милдеттерин каалаган адамга жүктөөгө укуксуз.
99. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен шайлануучу бир орун басары болот. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин ал жок болгон учурда аткарат.
100. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары алар Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү катары шайланган учурдан тартып башталат жана алар тиешелүү саясий мамлекеттик кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып токтотулат.
101. Фонддун директорлор кеңешинин саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш.
102. Эгерде Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүп, ал эми жаңы курам шайлана элек болсо, анда Фонддун директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин Фонддун директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткарат.
103. Фонддун директорлор кеңешинин курамына шайланган адамдар алардын иштеген мезгилинде Фонддун финансылык көрсөткүчтөрүнүн начарлашын жана/же Фонддун рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциянын сакталышын кошпогондо, чексиз жолу кайра шайланышы мүмкүн.
104. Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Фонддун директорлор кеңешинин чакыртып алынган мүчөсүнүн ордуна Фонддун директорлор кеңешинин курамына кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Фонддун директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын аякташы менен токтотулат.
105. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү Фонддун директорлор кеңешине жана (же) Фондго жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен каалаган убакта өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп бере алат. Бул учурда Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары, эгерде арыздын өзүндө арыз берилген күндөн эрте болушу мүмкүн болбогон башка дата көрсөтүлбөсө, Фонддун директорлор кеңеши арызды караган күндөн тартып токтотулат.
106. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө Фонддун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу жолунан башкача Фонддун ишине кийлигишүүгө, ошондой эле Фонддун же Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын макулдугусуз Фонддун директорлор кеңешинин атынан эл алдына чыгып сүйлөөгө тыюу салынат. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун атынан эл алдына чыгып сүйлөөгө укуктуу.
107. Фонддун директорлор кеңеши курамына Фонддун директорлор кеңешинин үчтөн кем эмес мүчөсү кирген төмөнкү эки милдеттүү комитетти түзөт жана анын иштешин камсыз кылат:
1) компетенциясына Фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу маселелери, контролдук функциялар, ошондой эле Фонддун ички контроль, инвестициялар жана дивиденддер жаатындагы саясатын түзүү жана колдонуу маселелери кирген бюджет жана аудит боюнча;
2) компетенциясына туунду компаниялардын кадрлар резервин түзүү жана пайдалануу, алардын кызмат адамдары менен контракттарга карата талаптарды, анын ичинде аларды сыйлоо ыкмаларын, өлчөмүн жана тартибин, алардын жоопкерчилигинин келип чыгуу шарттарын жана анын формаларын иштеп чыгуу маселелери кирген кадрлар жана сыйлоо боюнча.
108. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттер Фонддун директорлор кеңешинин туруктуу иштөөчү көмөкчү органы болуп саналат, алар төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:
1) Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышына киргизилүүчү маселелерди алдын ала талкуулоо жана анын чечимдеринин долбоорлору боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
2) тармактык саясаттарды жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар менен Фонддун ишинде мындай саясаттардын жана программалардын жоболорун эсепке алуу боюнча маселелерди макулдашуу.
Фонддун директорлор кеңеши өз комитеттеринин иштеши жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет.
109. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин сандык курамы үчтөн кем эмес жана бештен көп эмес мүчөдөн турат.
Фонддун директорлор кеңешинин чечим кабыл алуусунун сапаттык деңгээлин жогорулатуу максатында Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттерге мүчө катары адистиги комитеттин ишине ылайык келген эксперттер тартылышы мүмкүн.
Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин ишке тартылган мүчөсү Фонддун кызмат адамы болуп саналбайт жана Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарына ээ эмес.
110. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин жеке курамы Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле учурда Фонддун директорлор кеңешине караштуу экиден ашык комитеттин мүчөсү боло албайт.
111. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин ишин Фонддун директорлор кеңеши тарабынан дайындалуучу анын төрагасы жетектейт.
Кадрлар жана сый акылар боюнча комитеттин төрагасы болуп саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү дайындалат, ал эми комитеттин мүчөсү милдеттүү түрдө Фонддун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга тийиш.
Фонддун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү гана Фонддун директорлор кеңешине караштуу Бюджет жана аудит боюнча комитеттин төрагасы боло алат.
112. Фонддун жылдык бюджетинин алкагында Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналбаган Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттердин мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө үчүн каражаттар каралышы мүмкүн.
113. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттерди түзүүгө жана алардын иштешине тиешелүү башка маселелер Фонддун директорлор кеңешинин чечимдерине ылайык чечилет.
114. Фонддун директорлор кеңеши "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда белгиленген өз компетенциясынын чегинде Фонддун ишине жалпы жетекчиликти өзүнүн жыйналыштарынын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырат.
115. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына 1 жолудан кем эмес, ар бир календардык квартал аяктагандан тартып бир айдан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
116. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу укугуна, ошондой эле Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуу жана алып баруу укугуна ээ.
Директорлор кеңешинин төрагасы:
1) Директорлор кеңешинин ишин уюштурат;
2) Фонддун директорлор кеңешинин жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат;
3) Фонддун директорлор кеңешинин жыйналыштарын алып барат жана протоколуна кол коет;
4) Фонддун атынан башкарманын төрагасы менен Фонддун директорлор кеңешинин чечимине ылайык кызматтык маянанын өлчөмүн белгилөө менен эмгек келишимин түзөт.
Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун директорлор кеңешинин чечимдеринин талаптагыдай таризделиши жана Фонддун директорлор кеңешинин календардык иш планына киргизилген жыйналыштардын өз убагында өткөрүлүшү үчүн жооптуу. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы ушул Уставга ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
117. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы Фонддун директорлор кеңешинин же башкарманын төрагасынын демилгеси боюнча же:
1) Фонддун жалгыз акционеринин;
2) Фонддун директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
118. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө талап Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышынын сунушталган күн тартибин камтыган тиешелүү кайрылууну жөнөтүү аркылуу Фонддун директорлор кеңешинин төрагасына жиберилет.
119. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышынын күн тартибин Фонддун корпоративдик катчысы түзөт. Бардык зарыл материалдарды тиркөө менен жыйналыш өткөрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү Фонддун корпоративдик катчысы тарабынан Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин он календардык күндөн кем эмес мөөнөттө Фонддун директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө жиберилет.
120. Эгерде Фонддун директорлор кеңешинин кароосуна коюлган маселе Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттердин биринин ыйгарым укуктарына кирсе, алар тарабынан милдеттүү түрдө тиешелүү маселе каралат жана ал боюнча корутунду даярдалат.
Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча Фонддун директорлор кеңеши алардын корутундуларын эске алуу менен чечим кабыл алат.
121. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышынын кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кворуму мындай жыйналышка анын бирден көп эмес мүчөсүнүн келбей калышына жол берет. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышында маселелерди чечүүдө Фонддун директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Фонддун директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн добушун Фонддун директорлор кеңешинин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Эгерде Фонддун директорлор кеңешинин бештен кем эмес мүчөсү добуш берсе, Фонддун директорлор кеңешинин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
Эгерде Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы саны Уставдын ушул пунктунда аныкталган кворумга жетүү үчүн жетишсиз болсо, директорлор кеңеши Фонддун жалгыз акционеринин кароосуна Фонддун директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлоо (дайындоо) жөнүндө маселени киргизет.
122. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, ага Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы же жыйында төрагалык кылган адам жана корпоративдик катчы жыйын өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде кол коюуга тийиш жана ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) жыйналышты өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун;
2) жыйналышка катышкан жактар жөнүндө маалыматтарды;
3) жыйналыштын күн тартибин;
4) Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышынын күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Фонддун директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүүсүнүн натыйжасын чагылдыруу менен добуш берүүгө коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын;
5) кабыл алынган чечимдерди;
6) Фонддун директорлор кеңешинин чечими боюнча башка маалыматтарды.
123. Корпоративдик катчы Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколуна кол койгондон кийин протоколго макулдашуу барагы түзүлөт, ага директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрү (Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынан башкасы) кол коет, андан кийин жыйындын протоколуна Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы кол коет.
124. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын протоколдору Фонддо сакталат.
125. Фонддун корпоративдик катчысы Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн талабы боюнча Фонддун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын протоколун таанышуу үчүн берүүгө жана (же) ага өзүнүн колу жана Фонддун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
12. Фонддун башкармасы
126. Фонддун башкармасы Фонддун коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат. Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча Фонддун аткаруучу органы жалгыз болушу мүмкүн. Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз болуп саналса, ага ушул главанын жоболору тиешелүү түрдө колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
127. Башкарма же жалгыз аткаруучу орган Фонддун учурдагы бардык ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Фонддун финансылык жана чарбалык ишинин бардык маселелерин чечет, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда жана Фонддун башка башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо Фонддун ишине ыкчам жетекчиликти жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
128. Фонддун башкармасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) Фондду өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу жана андан ары Фонддун жалгыз акционерине бекитүүгө берүү үчүн Фонддун директорлор кеңешинин кароосуна киргизүү;
2) Фондду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле алардын аткарылышынын жыйынтыктарын, Фонддун жалгыз акционеринин жана Фонддун директорлор кеңешинин чечимдеринин аткарылышын кароо;
3) Фонддун иши жөнүндө отчетторду даярдоо;
4) Фондду өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегияларын жана пландарын бекитүү;
5) ушул Уставга ылайык Фонддун жалгыз акционери же Фонддун директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же Фонддун туунду жана көз каранды компанияларынын, ошондой эле аларга карата кыйыр ээлик кылууну жүзөгө ашырган компаниялардын уставдары менен алардын жогорку башкаруу органынын компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
6) Фонд же анын тобуна кирген компания тарабынан анын мүлкүн ээликтен ажыратууга же оордотууга багытталган бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө сунуштарды алдын ала кароо жана Фонддун директорлор кеңешине киргизүү;
7) Фонддун директорлор кеңеши менен макулдашуу боюнча Фонддун жалгыз акционерине Фонддун туунду компанияларынын кирешелерин бөлүштүрүү тартиби, дивиденддеринин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү;
8) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10дон 20 пайызына чейинки наркы менен Фонд тарабынан бүтүмдү же өз ара байланыштуу бүтүмдөрдүн тобун түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
9) аларды бекитүү Фонддун жалгыз акционеринин жана Фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына кирген документтерди кошпогондо, Фонддун ички документтерин бекитүү;
10) Фонддун уюштуруу түзүмүн, анын кызматкерлерин жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде алардын эмгегине акы төлөө фондун иштеп чыгуу жана бекитүү;
11) Фонддун филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
12) Фонддун башкармасы үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында Фонддун кызматкерлеринен, Фонддун туунду компанияларынан жана башка жактардан турган Фонддун башкармасына караштуу комитеттерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
13) Фонддун бирдиктүү борборлоштурулган кызматтарын түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, алардын жоболорун бекитүү;
14) Фонддун Уставында каралган тартипте Фонддун башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
15) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу, макулдашуу, бекитүү, аткаруу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
16) Фонддун туунду компанияларын корпоративдик башкаруу кодексин, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү;
17) туунду компаниялардын башкаруу органдарынын, ошондой эле юридикалык жактардын ыйгарым укуктарын дайындоо жана мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелерин макулдашуу;
18) Фонддун туунду компанияларынын ишинин натыйжаларын жыл сайын угуу жана алардын ишинин натыйжалары жөнүндө Фонддун директорлор кеңешине отчетторду берүү;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен Фонддун башкармасынын компетенциясына кирген же Фонддун башкармасынын жыйналышына чыгарылган башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
129. Фонддун директорлор кеңешинин чечими боюнча Фонддун башкармасынын ыйгарым укуктары келишим боюнча башкаруучу уюмга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мындай башкаруучу уюмга карата талаптар жана түзүлүүчү келишимдин шарттары Фонддун директорлор кеңешинин чечими менен белгиленет.
130. Фонддун башкармасы беш мүчөдөн турат, алар төмөнкү тартипте шайланат:
1) Фонддун башкармасынын төрагасы Фонддун директорлор кеңеши тарабынан шайланат;
2) Фонддун башкармасынын төрагасын кошпогондо, Фонддун башкармасынын мүчөлөрү Фонддун башкармасынын төрагасынын сунушу боюнча Фонддун директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
131. Талапкерди Фонддун башкармасынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн зарыл жана жетиштүү талаптар жана критерийлер Фонддун директорлор кеңеши менен макулдашуу боюнча Фонддун башкармасынын төрагасы тарабынан аныкталат.
132. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 жылдан ашпоого тийиш. Фонддун директорлор кеңешинин чечими боюнча Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Эгерде Фонддун төрагасынын жана башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүп, бирок Фонддун жаңы төрагасы жана башкармасынын курамы шайланбаса, анда Фонддун төрагасы жана мүчөлөрү Фонддун директорлор кеңеши тарабынан жаңы төрага жана башкармасынын мүчөлөрү дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарышат.
133. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн Фонддун күндөлүк ишине жетекчилик кылуу боюнча укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав, Фонд менен түзүлүүчү эмгек келишими, Фонддун ички документтери менен аныкталат.
Фонддун атынан Фонддун башкармасынын төрагасы менен эмгек келишимине Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы кол коет. Фонддун атынан Фонддун башкармасынын мүчөлөрү менен келишимге Фонддун башкармасынын төрагасы кол коет.
134. Фонддун башкармасынын төрагасы, Фонддун башкармасынын мүчөлөрү Фонддун башкармасы жөнүндө жобонун негизинде иштейт, анда Фонддун башкармасынын жыйналыштарын чакыруунун жана өткөрүүнүн мөөнөттөрү, тартиби, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун тартиби белгиленет. Фонддун башкармасы жөнүндө жобо Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
135. Фонддун башкармасынын төрагасы ушул Уставда аныкталган өзүнүн компетенциясынын жана укуктарынын чегинде Фонддун жана Фонддун башкармасынын ишине жетекчилик кылат.
Фонддун башкармасынын төрагасы Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн орун басарын дайындайт, ал жок учурда Фонддун башкармасынын төрагасынын милдеттерин аткарат жана Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт.
Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз (башкы директор) болуп саналса, башкы директор бир орун басарды дайындайт, ал башкы директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Фонддун башкармасынын төрагасы ушул Уставга, Фонддун башкармасынын чечимдерине ылайык Фонддун атынан ишеним катсыз иштейт, анын ичинде анын кызыкчылыктарын коргойт, Фонддун атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттык ырааттаманы бекитет, Фонддун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
Башкарманын төрагасы Фонддун атынан төмөнкүдөй компетенциянын чегинде ишеним катсыз иш алып барат:
1) Фонддун ишин ыкчам башкаруу жана Фонддун башкармасынын иштешин уюштуруу;
2) Фонддун учурдагы жана келечектеги пландарынын аткарылышын камсыз кылуу;
3) Фонддун Директорлор кеңешине Фонддун башкармасынын мүчөсү кылып дайындоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү, ошондой эле аларды кызмат ордунан бошотууга сунуштамаларды киргизүү;
4) ал жок болгон учурда тиешелүү чечимди чыгаруу жолу менен башкарманын мүчөлөрүнүн бирине өз милдеттерин аткарууну жүктөө;
5) Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди, ошондой эле ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик чөйрөлөрүн бөлүштүрүү;
6) Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө бардык мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда (анын ичинде жалпы юрисдикциядагы сотторго жана бейтарап сотторго доо арыз берүү укугу менен) Фонддун кызыкчылыктарын көрсөтүү;
7) келишимдерге, башка бүтүмдөргө кол коюунун, ишеним каттарды берүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле финансылык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ болуу;
8) анын компетенциясына кирген жана Фонддун бардык кызматкерлери, анын ичинде Фонддун башкармасынын мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди жана актылардын башка түрлөрүн чыгаруу;
9) Фонддун кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу, алардын кызматтык нускамаларын бекитүү, сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу, ошондой эле кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жиберүү;
10) Фонддун иштөө режимин белгилөө;
11) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө Фонддун атынан бүтүмдөрдү же болбосо өз ара байланышкан бир нече бүтүмдөрдү, же болбосо Фонддун башка башкаруу органдарынын чечимине ылайык бүтүмдөрдү түзүү;
12) Фонддун туунду компанияларына алардын ишинин маселелери боюнча аткаруу үчүн түз (ыкчам) тапшырмаларды берүү.
Башкарманын төрагасы Фонддун башкармасынын, Фонддун Директорлор кеңешинин жана Фонддун Жалгыз акционеринин компетенциясына кирбеген Фонддун күндөлүк ишинин башка маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
137. Фонддун башкармасынын мүчөлөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга жана Фонддун жана Фонддун Жалгыз акционеринин кызыкчылыктарын көбүрөөк даражада чагылдырган ыкмаларды пайдаланууга тийиш.
Фонддун башкармасынын мүчөлөрү Фонддун башкармасынын жыйналышын чакырууну демилгелөө, Фонддун башкармасынын төрагасын маалымдоо же башка жеткиликтүү ыкмалар аркылуу Фонддун ишине зыян келтирүүнүн алдын алуу, оптималдаштыруу үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Фонддун башкармасынын мүчөлөрү Фонддун башкармасынын төрагасына алар тейлеген маселелер боюнча иштин абалы жөнүндө маалымдайт.
Фонддун башкармасынын мүчөлөрү Фонддун иши боюнча аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктар чөйрөлөрүнүн алкагында Фонддун башкармасынын төрагасынын тиешелүү буйругунун негизинде аларга жүктөлгөн функцияларды талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
138. Башкарма кварталына бир жолудан кем эмес Фонддун Директорлор кеңешинин алдында Фонддун финансылык-чарбалык иши жана Фонддун максаттарын жана саясатын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турат.
139. Фонддун башкармасынын жыйналышы айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Фонддун башкармасы талкуулоо үчүн жетиштүү убакыт бөлүү, күн тартибиндеги маселелерди ар тараптуу жана терең кароо, ачык талкуулоолорго дем берүү, макулдашылган чечимдерге жетишүү аркылуу жыйналыштарды өткөрүүнүн максималдуу натыйжалуулугун камсыз кылат.
Фонддун башкармасынын жыйналыштарын өткөрүүнү Фонддун башкармасынын төрагасы уюштурат, ал жыйналыштын күн тартибин аныктайт жана аны өткөрүү жөнүндө Фонддун башкармасынын бардык мүчөлөрүнө кабарлайт.
140. Фонддун башкармасынын жыйналышында Фонддун башкармасынын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде жыйналышка Фонддун башкармасынын төрт мүчөсү катышса, Фонддун башкармасы күн тартиби боюнча чечим кабыл алууга укуктуу деп таанылат. Башкарманын мүчөсү тарабынан башкарманын башка мүчөсүнө же үчүнчү жакка добуш берүү укугун өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Эгерде Башкарманын үч мүчөсү ал үчүн добуш берсе, чечим Фонддун башкармасы тарабынан кабыл алынды деп таанылат. Добуштар тең болгондо Фонддун башкармасынын төрагасынын же Фонддун башкармасынын жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
141. Фонддун башкармасынын чечими Фонддун башкармасынын жыйналышында кабыл алынат. Анын жыйналышында кабыл алынган Фонддун башкармасынын чечимдери протокол менен таризделет, ага Фонддун башкармасынын төрагасы же жыйналышка төрагалык кылган адам тарабынан жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып үч календарлык күндүн ичинде кол коюлууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду;
3) жыйналышка катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар;
4) жыйналыштын күн тартиби;
5) добуш берүүгө коюлган маселелер жана Фонддун башкармасынын ар бир мүчөсүнүн Фонддун башкармасынын жыйналышынын күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча добуш берүүсүнүн натыйжаларын чагылдыруу менен алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары;
6) кабыл алынган чечимдер;
7) Фонддун башкармасынын чечими боюнча башка маалыматтар.
142. Фонддун башкармасынын жыйналышынын протоколу даярдалгандан кийин протоколго макулдашуу барагы түзүлөт, ага Фонддун башкармасынын бардык мүчөлөрү (Фонддун башкармасынын төрагасынан башкасы) кол коёт, андан кийин жыйналыштын протоколуна Фонддун башкармасынын төрагасы кол коёт.
143. Фонддун башкармасынын жыйналыштарынын протоколдору Фонддо сакталат.
144. Фонд Фонддун Жалгыз акционеринин, Фонддун Директорлор кеңешинин талабы боюнча Фонддун башкармасынын жыйналышынын протоколун таанышуу үчүн берүүгө жана (же) ага талапта белгиленген мөөнөттө Фонддун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
145. Фонддун Жалгыз акционери Фонддун башкармасынын чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда, ошондой эле Фонддун Жалгыз акционеринин, Фонддун Директорлор кеңешинин чечимдеринде жана Фонддун ички документтеринде белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен Фонддун башкармасы тарабынан кабыл алынган/жасалган бүтүмдөрдүн аныктыгын белгиленген тартипте жокко чыгарууга/талашууга укуктуу.
13. Фонддун контролдоо органы
146. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Фонддун түзүмүндө Фонддун бюджети жана аудити боюнча комитет түзүлөт, анын жеке курамы Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө (аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен) бекитилет. Бюджет жана аудит боюнча комитет Фонддун Директорлор кеңешине отчет берет.
147. Фонддун бюджет жана аудит боюнча комитети Фонддун Директорлор кеңешине түздөн-түз баш иет жана өзүнүн иши жөнүндө ага отчет берет. Фонддун бюджет жана аудит боюнча комитетинин милдеттери жана функциялары, укуктары жана жоопкерчилиги, ошондой эле иш тартиби Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Фонддун бюджет жана аудит боюнча комитети жөнүндө жобо менен аныкталат.
14. Фонддун корпоративдик катчысы
148. Фонддун корпоративдик катчысы Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан шайлануучу Фонддун кызмат адамы болуп саналат, анын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) Фонддун Жалгыз акционери, туунду компаниялары менен алардын өз укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча байланышуу;
2) Фонддун туунду компанияларынын акционерлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдоо;
3) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча Фонддун Жалгыз акционеринин сунуштарын түзүү;
4) Фонддун Жалгыз акционерин акционерлердин жалпы чогулуштары боюнча материалдар менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун акционерлеринин жалпы чогулуштарынын, Директорлор кеңешинин жыйналыштарынын материалдарын сактоону камсыз кылуу;
6) ушул Уставга ылайык Фонддун Директорлор кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибин жана Фонддун Директорлор кеңешинин чечимдерин даярдоо.
Ушул Устав жана Фонддун Директорлор кеңешинин чечимдери менен Фонддун корпоративдик катчысынын компетенциясына башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
149. Иштин чөйрөсү жана тартиби, Фонддун корпоративдик катчысына талаптар, Фонддун корпоративдик катчысынын функциялары, укуктары жана милдеттери, ошондой эле анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кызматтык маянасынын өлчөмү жана сый акы төлөө шарттары Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү Фонддун корпоративдик катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат.
15. Фонддун бирдиктүү кызматтары
150. Фонд тарабынан анын тобуна кирген бардык же бир нече туунду компанияларды багыттар боюнча тейлөө үчүн бирдиктүү борборлоштурулган кызматтар түзүлүшү мүмкүн.
151. Бирдиктүү борборлоштурулган кызматтар өз ишин ушул Уставга ылайык бекитилүүчү жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.
16. Фонддун товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу
152. Фонддун жана анын туунду компанияларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
153. Фонд жана анын туунду компаниялары сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун аткарууга жооптуу атайын түзүмдүк бөлүмдөргө ээ болууга тийиш. Фонддун туунду компанияларынын мындай түзүмдүк бөлүмдөрү Фонддун сатып алууларынын бирдиктүү кызматы менен алмаштырылышы мүмкүн.
154. Фонддун бюджет жана аудити боюнча комитети Фонд жана анын туунду компаниялары ишке ашырган сатып алуулардын ички ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына көзөмөл жана контроль жүргүзөт.
155. Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана талаптары сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн баа сунуштары жана сапаттык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн өтүнмөсүнө артыкчылык берүү боюнча шарттарды кароого тийиш.
17. Фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчилиги
156. Фонддун кызмат адамдары, ошондой эле анын туунду же көз каранды компанияларында кызмат адамдарынын милдеттерин аткаруучу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, алардын уставдарында жана алар менен түзүлгөн контракттарда (келишимдерде) каралган шарттарда жана тартипте жеке жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
157. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Фонддун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тийиштүү тармактык мамлекеттик органдардын Фонд жана анын туунду компаниялары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
158. Фонддун кызмат адамдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарат жана Фонддун жана Фонддун Жалгыз акционеринин кызыкчылыктарын көбүрөөк даражада чагылдырган ыкмаларды колдонот.
159. Фонддун кызмат адамдары Фонддун мүлкүн пайдаланууга же аны ушул Уставга, Фонддун Жалгыз акционеринин жана Фонддун Директорлор кеңешинин чечимдерине каршы, ошондой эле аффилирленген жактар тарабынан бүтүмдөрдү түзүүдө жеке максаттарда жана кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө тийиш.
160. Фонддун жалгыз акционеринин чечиминин негизинде Фонд же Фонддун кызыкчылыгында Фонддун жалгыз акционери өзүнүн атынан Фонд тарабынан аны жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар бүтүмдү жасоонун натыйжасында Фонддо пайда болгон зыян үчүн жана анын натыйжасында Фонддун жалгыз акционерин анын кызмат адамы (жактары) же болбосо анын аффилирленген жактары тарабынан пайда (киреше) алуу максатында атайылап адаштыруу фактыларын аныктоодо Фонд тарабынан мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Фонддун ички документтеринин талаптарын бузуу менен сатып алынса же ээликтен ажыратылса, кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө белгиленген тартипте тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
161. Фонддун жалгыз акционеринин чечиминин негизинде Фонд же Фонддун жалгыз акционери өзүнүн атынан эгерде кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Фонддун ички документтеринин талаптарын бузуу менен аракеттенген учурда, кызмат адамы жана (же) анын аффилирленген жактары тарабынан Фондго келтирилген зыяндын же Фондго келтирилген чыгымдын ордун толтуруу, ошондой эле Фонддун чыгымынын пайда болушуна алып келген, аны жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар ири бүтүмдөрдү жана (же) бүтүмдөрдү түзүү (түзүүгө сунуш) жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжасында алынган пайданы (кирешени) кызмат адамы жана (же) анын аффилирленген жактары тарабынан Фондго кайтарып берүү жөнүндө белгиленген тартипте тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
162. Фонддун жалгыз акционеринин чечиминин негизинде Фонд же Фонддун жалгыз акционери өзүнүн атынан эгерде мындай бүтүмдү түзүүдө жана (же) жүзөгө ашырууда Фонддун бул кызмат адамы ушул үчүнчү жак менен макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Фонддун ички документтеринин талаптарын бузуу менен аракеттенсе, Фонддун кызмат адамы жана (же) үчүнчү жак тарабынан Фонддун ошол үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүмүнүн натыйжасында Фондго келтирилген чыгымдын ордун толтуруу жөнүндө белгиленген тартипте тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
18. Фонддун эсеби жана отчеттуулугу
163. Календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил Фонд үчүн отчеттук жыл деп таанылат.
164. Фонд Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана жылдык финансылык отчеттуулукту даярдайт.
165. Фонд салыктык эсепти Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
166. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын талаптарына ылайык өзүнүн иши жөнүндө толук жана анык маалыматтарды системалуу түзүүнү жана аны финансылык отчеттуулуктун ички жана тышкы колдонуучуларына билдирүүнү камсыз кылат.
167. Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана финансылык отчеттуулукту түзүүдө колдонулган документтерди так эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
168. Бухгалтердик эсепти уюштуруу жана анын аныктыгы, чарбалык операцияларды аткарууда, ички эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо системасын камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, тышкы колдонуучулар үчүн финансылык отчетту даярдоо, салык отчетторун жана башка финансылык документтерди даярдоо, аларды тиешелүү органдарга өз убагында берүү, эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүү, акционерлерге, кредиторлорго, ыйгарым укуктуу органдарга Фонддун иши жөнүндө ачыкка чыгарылууга тийиш болгон маалыматтарды өз убагында берүү жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Фонддун башкармасынын төрагасы тартат.
169. Фонддун отчеттук жылдагы ишинин финансылык натыйжалары финансылык отчеттуулуктун маалыматтары боюнча белгиленет. Фонд учурдагы отчеттук жылдын кварталындагы, жарым жылындагы жана тогуз айындагы иштин жыйынтыгы боюнча алдын ала финансылык отчеттуулукту түзүүгө укуктуу. Фонддун түзүлгөн финансылык отчеттуулугуна Фонддун башкармасынын төрагасы кол коет. Башкаруучулук отчеттуулукту түзүү жана берүү тартиби Фонддун башкармасы тарабынан аныкталат.
170. Фонддун финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен түзүлөт.
171. Фонддун башкармасы жыл сайын акционерлердин жылдык жалпы чогулушуна өткөн жылдагы жылдык финансылык отчеттуулукту, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн көз карандысыз тышкы аудитти аны талкуулоо жана бекитүү үчүн берет. Фонддун жылдык финансылык отчеттуулугу акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү датасына чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Фонддун директорлор кеңеши жана Фонддун башкармасы тарабынан алдын ала бекитилүүгө тийиш.
172. Жылдык финансылык отчеттуулукту акыркы бекитүү акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда Фонддун жалгыз акционери тарабынан жүзөгө ашырылат. Финансылык отчеттуулуктан тышкары Фонддун башкармасы Фонддун жалгыз акционерине жыл сайын жүргүзүлгөн көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча аудитордук корутундуну (отчетту) берет.
19. Фонддун аудити
173. Фонддун жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана аныктыгын ырастоо үчүн жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлөт.
174. Фонд же анын уюштуруучулары менен мүлктүк кызыкчылыктарга байланышпаган аудитти жүргүзүүгө тиешелүү каттоосу жана эл аралык кадыр-баркы таанылган көз карандысыз аудитордук уюмду тандоо тартиби Фонддун директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
175. Фонддун жылдык көз карандысыз тышкы аудитинин жыйынтыктары Фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда каралууга тийиш.
176. Фонд жыл сайын өзүнүн расмий интернет-сайтында жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыктарын жарыялайт.
177. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Фонддун жана анын туунду компанияларынын дивиденддерин төлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө гана Фонддун аудитин жүзөгө ашырат.
178. Жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз тышкы аудиттен тышкары Фонддун жалгыз акционеринин, Фонддун директорлор кеңешинин жана Фонддун башкармасынын чечими боюнча көз карандысыз аудит каалаган убакта жүргүзүлүшү мүмкүн. Фонддун аудитин демилгелеген органга карабастан аудитордук кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Фонддун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
20. Фонддун маалыматты ачыкка чыгаруусу
179. Фонд Фонддун жалгыз акционеринин кызыкчылыктарына тиешелүү Фонддун иши жөнүндө маалыматты Фонддун жалгыз акционерине билдирүүгө милдеттүү.
180. Фонддун ишине тиешелүү документтер Фонддун жайгашкан жери боюнча анын иштеген бүткүл мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.
181. Фонддун жалгыз акционеринин жана Фонддун директорлор кеңешинин талабы боюнча Фонд суралган документтердин көчүрмөлөрүн талапта белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү, ошол эле учурда кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилет.
Фонд Фонддун кызматтык же коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарга ээ кызматкерлеринин тизмесин милдеттүү түрдө жүргүзүүнү камсыз кылат.
182. Фонддун иши жөнүндө маалымат "Купуялуу", "Кызматтык пайдалануу үчүн" белгиси менен үчүнчү жактарга жазуу жүзүндө же башка формада берилиши мүмкүн эмес. Фонддун башкармасынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана купуялуу маалыматты ачыкка чыгарууга болот.
183. Фонд ошол жактар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде өзүнүн аффилирленген жактарынын туруктуу эсебин жүргүзөт.
184. Фонддун кызмат адамдары өздөрүнүн аффилирленген жактары жөнүндө маалыматты алар кызмат ордуна шайланган күндөн тартып 7 күндүн ичинде жана андан кийин ал пайда болгон ар бир учурда Фондго берет.
185. Фонддун кызмат адамы тарабынан мурда аффилирленген катары көрсөтүлгөн жак аффилирленген деп эсептелбей калган учурда, кызмат адамы бул жөнүндө Фондго беш күндүк мөөнөттө кабарлайт.
186. Фонддун расмий интернет-сайты маалымат берүү жана финансылык отчеттуулукту жарыялоо максаттары үчүн жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналат.
187. Фонд ачык коомдор тарабынан отчетторду жарыялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өзүнүн консолидацияланган жылдык финансылык отчеттуулугун жана аудитордук отчетун жыл сайын Фонддун расмий интернет-сайтына жарыялоого милдеттүү.
188. Фонддун чарбалык, өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишин жүзөгө ашыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын башка каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
21. Фондду кайра уюштуруу
189. Фонд ыктыярдуу түрдө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттун чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн.
190. Фондду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
22. Фондду жоюу
191. Фонд төмөнкүдөй жоюлушу мүмкүн:
1) Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча;
2) Фонд банкрот деп таанылган учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда соттун чечими боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
192. Фонд ыктыярдуу жоюлган учурда жоюу комиссиясы Фонддун жалгыз акционери тарабынан дайындалат. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Фонддун органдарынын анын мүлкүн тескөө боюнча иш-аракеттерин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Фонддун органдарынын анын мүлкүн ээликтен ажыратууга же карыздарын төлөөгө багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
193. Фонд соттун чечими боюнча жоюлган учурда жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дайындалат.
194. Фонддун иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
23. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
195. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Уставды жаңы редакцияда бекитүү Фонддун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына кирет.
196. Эгерде Уставдын жоболорунун бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жараксыз болуп калса, бул анын башка жоболоруна таасирин тийгизбейт. Жараксыз жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген, мааниси боюнча жакын, укуктук жактан жол берилген башка жобо менен алмаштырылат.
197. Фонддун жалгыз акционери Уставды жаңы редакцияда бекиткен датадан тартып мурдагы Уставдын жоболору күчүн жоготот.
24. Корутунду жоболор
198. Ушул Устав Фонд юстиция органдарында катталган учурдан тартып күчүнө кирет жана Фонд иштеген бүткүл мезгилдин ичинде же Фонддун Уставы жаңы редакцияда кабыл алынганга чейин колдонулат.
199. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган бөлүктө Фонд Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.