Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 186 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 1-ноябры № 658

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш жана Көк-Арт айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Эл аралык аэропорт куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 19-июнундагы № 04-01/3449 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 12-июнундагы № 38 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш жана Көк-Арт айыл аймактарында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 58,97 га жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:

Багыш айыл аймагынын "Ой-Талаа" участогунда:

- төмөнкү контурлардагы жалпы аянты 50,57 га сугат айдоо жерлери: № 42 - 11,68 га, № 44 - 5,11 га, № 155 - 6,30 га, № 157 - 4,40 га, № 160 - 3,80 га, № 162 - 7,22 га, № 163 - 4,76 га, № 164 - 1,7 га, № 224 - 5,60 га;

Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын аймагында:

- төмөнкү контурлардагы жалпы аянты 8,4 га сугат айдоо жерлери: № 114 - 1,9 га, № 116 - 6,50 га.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;

- жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;

- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүү менен жерлердин менчик ээсине/жерди пайдалануучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган жерлерди алып коюуну караган чараларды көрүүнү;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аларды сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров