Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 31-октябры № 173
2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 9-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |