Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-январындагы № VIII/1
Жергиликтуу маанидеги «Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары — Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1 - тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сатаров Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы № VIII/1
токтомун мамлекеттик каттоосу юстициянын Нарын облустук башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы:А.Үркүнчиевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин өндүрүш жана муниципалдык чарба тармагы (анын ичинен: айыл чарбасы, жер, агрардык реформа, мал чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, жайыт, өнөр-жай, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, байланыш, талаачылык, таза суу)жана финансы-экономика боюнча тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |
|
| Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы №VIII/1 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү маанидеги «Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандарга сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
1. Кызматтар | ||
№ | Кызматтардын,функциялардын, милдеттендирилменин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) |
2. Функциялар | ||
2.1 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү. | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.3. | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу. | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.8. | Тоголок-Молдо айылдык аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3. Милдеттенмелер | ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым-жартылай компенсациялоо. | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат керсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |