Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-январындагы № VIII/2
Тоголок-Молдо айылдык аймагынынын территориясындагы
ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын угуп, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
2. Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) «Кѳлмѳ» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
2) « Кѳлмѳ » суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
З. Ушул Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы № VIII/2 токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы: А.Үркүнчиевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин өндүрүш жана муниципалдык чарба тармагы (анын ичинен: айыл чарбасы, жер, агрардык реформа, мал чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, жайыт, өнөр-жай, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, байланыш, талаачылык, таза суу) боюнча жана финансы-экономика боюнча тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |
|
| Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы №VIII/2 токтомуна 1-тиркеме |
Тоголок-Молдо айыл аймагындагы “Көлмө” СПАсынан каналдарды жана ички арыктарды курулмаларды, суу бөлгүч щиттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу ресстри
№ | Ирригациялык курулманын аталышы
| Курулманын материалдары | Курулманын мүнөздөмөлөрү | Техникалык абалы |
1 | Чоң-Алыш | Жер | Туурасы 3,0 метр Узуну 5000 метр | Капиталдык оңдоо керек |
2 | Чоң-Арык | Жер | Туурасы 1,5метр Узуну 4650 метр | Оңдоону талап кылат |
3 | Кара-Ой | Жер | Туурасы 1,5метр Узуну 5850 метр | Оңдоону талап кылат |
4 | Кызыл-Эмгек | Жер | Туурасы 1,5 метр Узуну 6400 метр | Оңдоону талап кылат |
5 | Көлмө | Жер | Туурасы 1,5 метр Узуну 4730 метр | Оңдоону талап кылат |
6 | Бооарлбас | Жер | Туурасы 1,5метр Узуну 3400 метр | Оңдоону талап кылат |
7 | Нарын арык | Жер | Туурасы 3,0метр Узуну 7320 метр | Оңдоону талап кылат |
8 | Туюк-Булуң | Жер | Туурасы 3,0метр Узуну 4400 метр | Оңдоону талап кылат |
9 | Айылдын ичиндеги ички арыктар | Жер | 18000 метр 18 км | Оңдоону талап кылат |
10 | Тоголок-Молдо айыл аймагы боюнча муниципалдык менчикке өткөрүп алуучу ички арыктар | Жер | 40 км | Оңдоону талап кылат |
11 | Суу бөлгүч щиттер | Темир, бетон | 28 штук | Оңдоону талап кылат |
12 | Чоң-Алыш каналынын башындагы курулмалар (суу бөлгүч щит, лоток, отстойник) | Темир, бетон | 1 штук | Оңдоону талап кылат |
13 | Лоток |
| 6 метр 6 штук | Оңдоону талап кылат |
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |