Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-августу № 01-5/25
Комсомол көчөсүндөгү мектептин атын атоо жөнүндө
Военно-Антоновка айылынын тургундарынын Комсомол көчөсүндөгү салынып жаткан мектептин атын Байтурсунов Насырдын атынан атоо жөнүндө арызын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон кеңешменин протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында
Военно-Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Комсомол көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан мектеп «Байтурсунов Насыр» атындагы мектеп деп аталсын.
2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү мектептин атын атоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Р.Т. Садыковго жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |