Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-январындагы № VIII/5
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахмановдун ысымын берүү жөнүндө
Нурак Абдырахмановдун үй-бүлөсүнүн кайрылуусунун негизинде, Тоголок-Молдо айылдык кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нурак Абдырахмановдун жубайы Төрөгелдиева Аманбүбүнүн жана балдарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахмановдун ысымы ыйгарылсын.
3. Айылдык маданият үйүнүн утурумдук ремонт иштерине жана башка керектелүүчү муктаждыктарына жардам берүү боюнча Нурак Абдырахмановдун үй-бүлөсүнө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |