ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-августу № 01-5/29
Жайыт колдонуучуларга мал башына тарифти бекитип берүү жөнүндө
Муниципалдык ишкананын 2024-жылдын 7-августундагы № 31 жайыт колдонуучуларга мал башына тарифти бекитип берүү жөнүндө катын карап талкуулап,
Военно-Антоновка айылдык Кеңеши:
1. Жайыт колдонуучуларга мал башына төмөнкү тарифте бекитилсин: - Жылкы, уйга – 250сом; - Кой, эчки – 50 сом; - Чабынды жерлерге 1 га – 2000 сом; - Жайытты башка максатта колдонуу 1м2 -3 сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Муниципалдык ишкана башчысы Ж.А. Бузурманкуловко жүктөлсүн.
Төрага
Мураталиев У.М.