Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябрындагы № VII/1
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнө кошумча смета бекитүү, өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө ашык киреше түшкөндүгүнө байланыштуу күн тартибиндеги маселелерди угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кенешинин IX-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
Клубдун: 2222 стаъясынан-61550 (алтмыш бир миң беш жүз элүү) сом
Клубдун: 3112 стаъясына жылдырылып, чыгымдалсын.
2. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетине 11111100-киреше салыгынан ашык түшкөн акча каражатынан
ЖКХнын 2214 статъясына 100000 (жүз миң) сом, Клубдун 3112 статъясына 60000 (алтымыш миң) сом, Соцтун 2721 статъясына 20000 (жыйырма миң) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бекитилип берилсин.
3. 2022-жылга жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражатын пайдалануу үчүн кошумча план ачып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ак-Талаа башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомду тиешелүү сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: А.Үркүнчиевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Сатаровго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| Б.Абдыласов |