Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №3
“Момбеков айыл өкмөтүнүң аймагындагы
бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчике алып,
социалдык муктаждык үчүн курулуш куруу үчүн
ажыратып берүү жөнүндө”
Момбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчике алып, социалдык муктаждык үчүн курулуш куруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын орун басары З Тиллабаевдин малыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясы токтом кылат:
1. Чек айылындагы А. Салиев көчөсүнөн 0,03 га жер аянты, Жазгак айылынан 0,30 га жер аянты, Т. Эгембердиев көчөсүнөн 0,08 га жер аянты, Т.Мамедов көчөсүнөн 0,04га жер аянты, К.Кимсанов көчөсүнөн 0,02 га жер аянты, Жаңы-Кыштак айылынын С Эгембердиев көчөсүнөн 0,03 га жер аянттарын муниципалдык менчикке алып, балдар үчүн ойноо аянтчаларын куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы жер аянттарынын тийииштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер ресуртары боюнча адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Абдразак уулу |