Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №7
“Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектүү 29 – сессиясы токтом кылат:
1. Жер жерлерде өткөн жыйналыштардын протоколдорунун негизинде:
- Таштак айылына тигүү цехин куруу;
- Чек айылындагы эки даана скважинаны реконструкциялоо жана 4000 метр аралыка таза суу түтүгүн орнотуу;
- Эски Кочкор-Ата айылына көпүрө куруу;
- “Ак-Жол Момбеков” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын
техникасын алуу долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.
2. Жогорудагы приоритеттүү долбоорлорго өздүк салым катары 2025-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭ
бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
4. Жалал-Абад областык региондорду өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | И.Абдразак уулу |