Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №8
“Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектүү 29 – сессиясы токтом кылат:
1. Жер жерлерде өткөн жыйналыштардын протоколдорунун негизинде:
- Чек, Жазгак жана Бостон айылдарына балдар бакчаларын куруу;
- Чек айылындагы эки даана скважинаны реконструкциялоо жана 4000 метраралыка таза суу түтүгүн орнотуу;
- Эски Кочкор-Ата айылына көпүрө куруу;
- “Ак-Жол Момбеков” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу жанаэкскаватор атайын техникаларын алуу;
- Момбеков айылындагы кичи футбол аянтчасын чатырлоо жана капиталдык ремонттоо
- Курулуш айылындагы Тажикул Балбан атындагы көчөсүнүн 1650 метр аралыгын асфальттоо, тратуар жана латокторду орнотуу долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.
-
2. Жогорудагы приоритеттүү долбоорлорго өздүк салым катары 2025 жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
4. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | И.Абдразак уулу |