Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 31-октябры № 172
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 871-берене менен толукталсын:
"871-берене. Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2741-берене менен толукталсын:
"2741-берене. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдалануунун коопсуздук талаптарын бузуу
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 2-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |