Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-ноябры № 668
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын талап кылынбаган паспорттор боюнча ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) талап кылынбаган паспорттор - ушул Нускамада белгиленген тартипте жекелештирилген, арыз ээси жекелештирилген күндөн тартып 1 жылдын ичинде чет өлкөлүк мекемеге же жекелештирилген күндөн тартып 6 айдын ичинде аймактык бөлүмгө алып кетүү үчүн келбеген улуттук паспорттор;";
- 44-пункт "ID-картаны" деген сөздөрдөн кийин "жана/же жалпы жарандык паспортту" деген сөздөр менен толукталсын;
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Талап кылынбаган ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор аймактык бөлүмдөрдө жана/же КТБларда жекелештирилген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин, чет өлкөлүк мекемелерде 1 жыл өткөндөн кийин АМСте "жараксыз" статусуна которулат.
Талап кылынбаган паспорттор аймактык бөлүм жана/же КТБ тарабынан жараксыз абалга келтирилет жана ушул Нускаманын 7-главасында белгиленген тартипте аларды андан ары жок кылуу үчүн ведомстволук бөлүмгө берилет.
Чет өлкөлүк мекемелерде талап кылынбаган паспорттор АМСте "жараксыз" статусунун негизинде жараксыз абалга келтирилет жана тиешелүү актыны тиркөө менен тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган талап кылынбаган паспортторду ушул Нускаманын 7-главасында белгиленген тартипте аларды андан ары жок кылуу үчүн ведомстволук бөлүмгө жиберет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 87 (3641) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |