Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 26-августу № 18/131
Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Нарын районунун Миӊ-Булак айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 23-беренесине ылайык Миӊ-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлсүн:
Миӊ-Булак айылдык кеӊеши боюнча
(5 округ. Калкынын саны 15517, мандаттын саны 21. Анын ичинен аялдар үчүн 8 мандат резерв)
№1 Эмгекчил шайлоо округу (УШК №4037), мандаттын саны 5. Анын ичинен аялдар үчүн 2 резерв.
№1 Эмгекчил шайлоо округу (УШК № 4037),
Дареги: Эмгекчил айылы Т.Шаменов көч., 6
Борбору: Т. Байбураев атындагы орто мектеби
Чек арасы: Эмгекчил айылы Боз бешик, Деркенбаев Казыбек, Айдарбек Токтакунов, Токтоев Асанакун, Мамбетказиев Кабыл, Кыдырбаев Кудаш, Чынгыш ажы, Муканбетов Ысак, Алыке баатыр, Эсенгелдиев Азамат, Кобукеев Асек, Жээрден чыккан, Боронаалы-Ата, Шакеев Султангазы, Элтуйбасов Кыдын, Шаменов Торогелди, Жаналиев Мамыркул, Курманалиев Дүйшөгазы, Арстанбеков Термечик көчөлөрү толугу, Лелинчил жаш, Кара-Бүк участкалары жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 2460
№2 Он-Арча - Оттук шайлоо округу (УШК №4038, №4039), мандаттын саны 5. Анын ичинен аялдар үчүн резерв 2.
УШК №4038 боюнча:
Дареги: Эчки Башы айылы, Бирназар уулу Сырдыбай көч.,81
Борбору: Айыл өкмөтүнүн административдик имараты
Чек арасы: Он-Арча айылы Туркменов Сайыргазы, Бирназар уулу Сырдыбай, Капар Алиев, Маасы уулу Жумадил, Касмаалы уулу Төлөмүш, Токтобеков Нурмуканбет, Шайымбетов Борукчу, Надырбеков Темирбек, Насирдин-Ата, Касымбеков Молдакун, Көбөн уулу Мамбеткул, Абылаев Алмаз, Канатов Бекжан, Байток-Ата, Стамбек-Ата, Сапарбай-Ата, Абдыкадыр-Ата көчөлөрү толугу менен жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 1315
УШК №4039 боюнча:
Дареги: Оттук айылы, Ы.Асылбеков көч., 6
Борбору: Оттук айылынын маданият үйү
Чек арасы: Оттук айылы Чоной Алсеитов, Мамбетов Карагул, Соодонбеков Бейше, Суранова Күмүш, Курманов Кары, Койчуманов Токтакун, Ибраев Алтынбек, Долон, Асылбеков Ысмайыл, Шаиев Шарше көчөлөрү толугу менен, Таш-Өтөк, ДЭУ аймактары жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 1188
№3 Таш-Дөбө - Өрнөк шайлоо округу (УШК № 4040, №4166), мандаттын саны 6. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
№4040 шайлоо участкасы боюнча:
Дареги: Куйбышев айылы, Насип Ата көч., 44
Борбору: Миң-Булак айыл окмөтүнүн имараты
Чек арасы: Куйбышев айылы Насип-Ата, Жаныбаев Усуп, Актан Тыныбек, Шапаков Темираалы, Жамаке-Ата, Исмадияров Муса, Абдыраев Апенди, Асаналик-Ата, Токтаалы уулу Асран, Жумабаев Асанкул, Каратаев Асан, Жантаев Тойгонбай, Исмаилов Осмонакун, Жакшылыков Акылбек, Дүйшеев Келдибек, Батый апа, Шонкоев Майрамбек көчөлөрү толугу менен жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 2366
№4166 шайлоо участкасы боюнча:
Дареги: Өрнөк айылы, Бакытай ата көч., 14
Борбору: Жакып Өмүралиев атындагы орто мектеп
Чек арасы: Өрнөк айылы Баялиев Акун, Бакытай-Ата, Кожокадыр-Ата, Курман-Ата көчөлөрү толугу менен, Арстанбек, Шопок-Ата, Кичи-Каракужур, Чоң-Каракужур, Кичи-Сары-Булак аймактары толугу менен жана айланасындагы сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 451
№4 Миӊ-Булак шайлоо округу (УШК №4041),
Дареги: Миң-Булак айылы, Ж.Асанов көчөсү №14а
Борбору: Токтогул Байсалов атындагы орто мектеп
Чек арасы: Миң-Булак айылы Жамангул-Ата, Жекшебай Асанов, Эши-Ата, Жунусов Ажыгул, Ибраев Азим, Айдаркулов Борбодой, Жээнтаев Өмүр, Дүйшөмбү уулу Шарше, Кожомбердиев Осмонкул көчөлөрү толугу, Бөжөн участкасы жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны:956
№5 Кара-Кужур шайлоо округу (УШК №4054, №4055), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв
№4054 шайлоо участкасы боюнча:
Дареги: Лахол айылы, Капар ата көч.,34
Борбору: Лахол айылдык клубу
Чек арасы: Лахол айылы Көчөрбай Мерген, Асаке, Капар-Ата көчөлөрү жана Туура-Суу, Дөң-Корумду, Үч-Булак, Алтын Күнгөй участкалары толугу менен жана айланасындагы кыштоо сарайлар кирет
Шайлоочулардын саны: 809
№4055 шайлоо участкасы боюнча
Дареги: Жер-Кочку айылы, Абдраман ата көч., 23
Борбору: Баймонол Кыязов атындагы орто мектеп
Чек арасы: Жер-Көчкү айылы Сулайман-Ата, Абыке-Ата, Абдраман-Ата көчөлөрү жана Ой-Булак, Кашка-Суу участкалары толугу менен кирет
Шайлоочулардын саны: 541
2. Бул чечим Нарын аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын
Төрага |
| А. Жамангулов |