Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 19/132
Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылына ФАПка кошумча каражат кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары С.Чекировдун баяндамасын угуп жыл башынан калган калдык акча каражатынан Эмгекчил айылында АРИС тарабынан каржыланып ремонтолуп жаткан ФАПка жана тиш дарылоо жабдыктарын алуу үчүн өздүк салым катары 32486,44 сом акча каражатын С. Усупов атындагы бала-бакчасына көмүр сактоочу жай курууга Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы С.Усупов атындагы бала-бакчасына көмүр сактоочу жай курууга 675 480 (алты жүз жетимиш беш миӊ төрт жүз сексен) сом бөлүнүп берүү боюнча Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясы токтом кылат;
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы ФАПтын ремонту үчүн өздүк салым үчүн 32486,44 сом акча каражатын жана Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы С.Усупов атындагы бала-бакчасына көмүр сактоочу жай курууга 675 480 (алты жүз жетимиш беш миӊ төрт жүз сексен) сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп minbulak/ org/kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жамангулов |