МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 29-марты № 129
Мырза –Аке айылынын тургуну C.Джусуповдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза –Аке айылынын тургуну C.Джусуповдун арызынын негизинде С.Джусупов көчөсүнүн тургуну C.Джусуповдун үйүнө 100 орундуу 4 тайпага ылайык “Канышай Апа” МЧББУ мекемесин ачууга уруксат берилсин.
2. Жеке турак жайын мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси багытына өзгөртүлүп берилсин.
3.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесин камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.
Төрайым: | Г.Жороева. |