Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №5
“Бостон айылынын тургуну Р. Стамовдун арызын кароо жөңүндө”
Момбеков айыл аймагынын башчысынын орун басары З Тиллабаев айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги 3,0 га таштанды таштоочу жайды көп жылдык мөөнөткө сураган Бостон айылынын тургуну Р.Стамовдун арызынын окуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин кезектүү ХХVIII-чакырылышынын 29-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагынын башчысынын орун басары З Тиллабаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бостон айылындагы муниципалдык менчиктеги 3,0 га таштанды таштоочу жай жабылгандан кийин Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги Ноокен филиалынан, санитардык эпидемиология көзөмөл станциясынан, экологиядан, Ноокен райондук ветеринардык башкармалыгынан тийиштүү корутунду алгандан кийин өндүрүштүк база курууга макулдук берилсин.
3. Жогорудагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 Токтому менен бекитилген Жобонун негизинде көп жылдык мөөнөт менен конкурс аркылуу берүү жагы муниципалдык менчиктеги жерлерди, имараттарды сатуу жана ижарага берүү комиссиясына жүктөлсүн.
4. Тийиштүү мекемелерден уруксат кагаздарын алуу жагы жер ресурстары боюнча башкы адиси Б. Жакыбалиевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы, агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | И.Абдыразак уулу |