Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № XVIII-1

                      Найман айылдык кеңешинин 2023-  жылдын 24- январындагыXIII сессиясынын № XIII-2   токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

 

 Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине салыктын бирдиктүү салык түрүнөн компенсация катары республикалык бюджеттен кошумча 98,5 мин сом акча каражаты келип түшкөн. Жергиликтүү бюджетке кошумча болгон, компенсация катары  түшкөн акча каражатты мыйзамдуу иштетилишин камсыздоо максатында   Найман айылдык кеңеши

                                     

       Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке компенсация катары  бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана аткаруу айыл өкмөт башчысы Р.Шамаевага жана  финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы  А.Абдуллажан кызына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Найман айылдык  кеңешинин  “Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык кеңешинин төрагасы:

Сатар у.А