Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №13
“Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Момбеков айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга 6 айлык көрсөтүлгөн пландалган киреше салыгы 290,0 сом, калктуу конуштардан тушүүчү жер салыгы 130,0 сом, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан түшкөн акча каражатынан 386,3 сом жалпысы болуп 806300 сом акча каражатын күтүүсүздөн келген сел апаатынын чыгымдарына жумшалсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | И.Абдыразак уулу |