МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 29-марты № 130
Мырза-Аке айылдык аймагынын территориясындагы ирригациялык арык каналдарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, “ Түштүк –Алтын-Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынын ирригациялык арык каналдарды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Түштүк –Алтын-Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүн жалпы жыйынын ирригация арык каналдарды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо –талабы канааттандырылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы :
1) “ Түштүк –Алтын-Булак” суу пайдалануучулар менен ирригациялык арык каналдар түрдө мүлктү кабыл алуу –берүү актын түзсүн.
2) “ Түштүк –Алтын-Булак” суу пайдалануучулары ассоциациясы менен ирригациялык арык каналдарды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
3) Ирригациялык арык каналдарды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |