Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXIII сессиясы

2023-жылдын 12-апрели № 133

Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга курулган үйлөрдү электр энергия менен камсыздап берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга курулган үйлөрдү электр энергия менен камсыздоо үчүн Өзгөн райондук Өнүктүрүү фондунан 724,5 миң сом каражат суралсын , өздүк салым акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 400,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Г. Жороева