МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 12-апрели № 134
Мырза-Аке айыл аймагында айдоо –себүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу малдарды өз убагында жайлоого көчүрүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында эгин себүү,жайлоого көчүү мезгили болгондуктан элдин суроо талабынын, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайлоого көчүү мезгили өз убагында жүргүзүлсүн.
2. Айдоо –себүү иштери жүрүп жаткандыктан малдардын эгин талаасына кайтарбай, тез арада жайлоого көчүрүлсүн.
3. Эгерде эгин талаасына малдар түшкөн жарандар болсо , айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине төмөндөгүдөй тартипте айып акча төлөшсүн.
1) Бодо мал – 5000 сом, ар бир кара малдын башына
2) Жылкы – 5000 сом, ар бир жылкы башына
3) Кой-эчки 1000 сом, ар бир кой – эчки башына айып пул төлөнсүн.
4. Токтомдун аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Ү.Юлдашевге милдеттендирилсин.
Төрайым: | Г. Жороева |