МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 12-апрели № 135
Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга курулган үйлөрдү электр энергия менен камсыздап берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын Калпак участкасындагы социалдык жактан коргоо муктаж майып жарандарга курулган үйлөрдү электр энергия менен камсыздоо үчүн Ош облустук регионалдык Өнүктүрүү фондунан 1146,0 миң сом каражат суралсын , өздүк салым акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы Д.Батаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |