НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № XVIII-2
Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылындагы паркты үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен калыбына келтирүү үчүн өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылындагы 1 га жер аянтындагы паркты үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен калыбына келтирүү иштери алып барылсын.
2.Улуу Тоо айылындагы 1 га жер аянтындагы паркты калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин калдык акчасынан 610 000 (алты жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: | Сатар у.А |