Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № XVIII-3

Найман айыл аймагынын 2023- 2027-жылдарга карата социалдык- экономикалык өнүгүү  стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

            Найман айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарка карата стратегиялык өнүгүү планы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык планын бекитүү максатында Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Найман айыл аймагынын 2023-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Бекитилген стратегиялык өнүүү планы мыйзам чегинде аткарылсын.

3. Токтом менен бектилген стратегиялык өнүгүү планында көрсөтүлгөн иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Жигитали уулу Максатка тапшырылсын.

 

Найман айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Сатар у.А

 

 

 

 

Найман айылдык кеңешинин

                                             VII чакырылышынын кезексиз

                                                                                                                                        XVIII сессиясынын №XVIII-3 токтомуна

                                                                                                                                             тиркеме

 

СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТИН ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

 

№

п.п

Милдеттер

Иш-Чаралар

Мөөнөтү

Күтүүлүчү натыйжа

Жооптуу аткаруучулар

1

         2

3

4

5

6

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:     Айыл чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу

1

Айыл аймактын аймагында иштетилбеген ыңгайсыз жерлерди бакчылыкты өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү жарандардын үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатуу

1.1.       Найман айылындагы өздөштүрүлбөй жаткан 10 га жерди тамчылатып суугаруу системасын колдонуу менен түшүм берүүчү бакка айландыруу;

2023-27-жылы

Айыл чарбасына ынгайсыз жер аянты иштетүүгө берилет, киреше салыгы көтөрүлөт, жарандар жумуш менен камсыз болот

 

Жер адиси

Эл аралык уюмдар

1.2.       Сугат суунун көлөмүн жогорулатуу максатында жамгыр суусун топтоочу жайларды куруу (дождевальная система орошения); 

2023-27-жылы

сугат суунун көлөмү жогорулайт, бош жаткан жер аянттары өздөштүрүлөт, жумушсуздар иш менен камсыздалат, миграциянын саны бир аз азаят жана жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Аппарат кызматкерлери, жалпы эл

Эл аралык уюмдар

 

 

1.1.       Найман суу сактагычынын чыгыш тарабындагы 10 га жер аянтына мисте багын уюштуруу;

2023-27-жылы

Жердин дегредациясы азаят, бош жаткан жер аянттары өздөштүрүлөт, эл жумуш менен камсыздалат жана жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Эл аралык уюмдар

Жайыт комитети

 

 

Айыл аймактагы малдын асылдуулугун артыруу менен мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу аркылуу жергиликтуу жарандардын үй-бүлөлүк 10% кирешесин көтөрүү

2.1. Найман суу сактагычынан мал жайытка өтүүчү участогуна көпүрө салуу жана жайытка чейинки жолдорду оңдоо;

2023-2027-жылы

Малдарды жайытка айдоо жолдору жакшырат, суу сактагычтын айланасындагы пансионаттарда эс алуучулардын саны көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жайыт комитети,жер адиси

Эл аралык уюмдар

 

 

2.2. Улуу Тоо айылында малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн ветсервис ачуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо;

2023-2027-жылы

Малдын асылдуулугу артат, ар кандай вет. оорулардын алдын алуу жакшырат,элдин акча дарамети жогорулайт.

Вет адиси,

Эл аралык уюмдар

 

 

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:    Жергиликтүү жарандарды жумуш орду менен камсыздандыруу

 

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү менен жергиликтүү жумушсуз жарандардын санын 10% кыскартуу

1.1 Гүл өстүрүүчү күнөскана куруу;

2023-2027-жылы

Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер,  донолор

 

 

1.2 Алма, өрүк жана шабдалы мөмөлөрүнөн айына 1000 литр көлөмдөгү шире чыгаруучу кичи завод ачуу;

2023-2027-жылы

Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

1.3 Жергиликтүү жарандарга кызмат көрсөтүүчү “тейлөө үйүн” (мончо, чачтарачкана, өтүкчү, тигүүчү ж.б.);

 2023-2027-жылы

6 адам жумуш менен камсыз болот

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

1.4 Найман айылында кондитердик цех ачуу;

2023-2027-жылы

Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

1.5 Помидор жана бадыран өстрүүчү күнөскана куруу;

2023-2027-жылы

Эл жумуш менен камсыздалат, азык-түлүк продукциясы көбөйөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

1.6 Найман көлүндө туристерге кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу;

2023-2027-жылы

Эл жумуш менен камсыздалат, туризм өнугөт, жергиликтүү бюджет көтөрүлөт

Жеке ишкерлер, донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

 

Айыл аймагындагы жергиликтүү калк жана коноктор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү калктын катышуусун активдештирүү

1.1 Найман айылынын борборундагы эс алуучу парктын жанындагы 300м тратуарды оңдоо;

2023-2027-жылы

Элдин дем алуусуна шарт түзүлөт, айыл аймактын инфраструктурасы жакшырат, жол кырсыктарынын алдын алуу камсыздалат

Жергилктүү бюджет/ айыл өкмөтү

 

 

1.2 Айыл ичиндеги жарыктандыруу лампаларын жаңылоо жана Ынтымак, Жаштык көчөлөрунө жарыктандыруу орнотуу

2023-2027-жылы

Айыл ичинде шарттар түзүлөт.

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү

 

 

1.3 Айыл аймактын борборундагы эс алуучу паркты калыбына келтирүү (парктын ичине тратуар-жол куруу, отургучтарды орнотуу, дарактарды отургузуу ж.б); 

2023-2027-жылы

Элдин дем алуусуна шарт түзүлөт, айыл аймактын инфраструктурасы жакшырат,

Айыл өкмөтү

донорлор

 

 

1.4 2.5. Найман айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү

2023-2027-жылдар

Элге кызмат көрсөтүүдө жакшы  шарт түзүлөт.

 

Кызматкерлердин иштөөсү үчүн жагымдуу атмосфера түзүлөт.

Айыл өкмөтү,

 стим грант

 

 

1.5 3.2.Улуу Тоо айылындагы жеке менчикке өтуп кеткен жер аянтын баланска өткөрүп, кенди кайра иштетүү

2023-2027-жылдар

-        Айыл тургундарынын жашоосу жакшырат

-        Айыл өкмөттун бюджети көтөрүлөт

-        Жумуш орундары пайда болот

-        Жер маселеси чечилет.

Айыл өкмөтү,

Жогорку органдар,

Донорлор ,

жеке ишкерлер

 

 

 

4.6 . Улуу Тоо айылындагы паркты калыбына келтирүү, балдар ойноочу аянтчаларды ( селкинчек жана башка ойноочу оюндарды ) орнотуу

 

 

2023-2027-жылдар

-        Айылдын жашоочуларына эс алуу үчүн шарттар түзүлөт.

-        Жаш балдар ойноо үчүн коопсуз шарт түзүлөт.

 

Айыл өкмөтү,

Үлүштүк дем берүүчү грант,

Жеке ишкерлер

 

 

Билим берүү тармагын өнүктүрүү, келечек муундарга  билим алууга заманбап шарттарды түзүү.

 

 

Найман айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде шарттарды түзүү аркылуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу

5.1 .“Найман” орто мектебинин имаратына видеокөзөмөл орнотуу

- тиешелүү жерлерине брусчатка төшөө

2023-2027-жыл

Билим берүүдө заманбап шарттар түзүлөт

АРИС долбоору

Айыл өкмөтү

 

 

5.2 .Музыкалык мектептин имаратын ремонттоо, балдардын маданий борборун ачуу

2023-2027-жыл

Балдарга музыкалык билим берүудо шарттар жакшырат

Донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

5.3. “Найман” 90 орундуу балдар бакчасын майып балдар үчүн реабилитациялык борборуна айландыруу;

2023-2027-жылы

Майып балдарды окууга тартуу жакшырат, ден соолугуна кам көрүлөт,

Донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

5.4. “Найман” 90 орундуу балдар бакчасынын жылытуу системасына курулуш материалдарын сатып алуу жана куруу.

2023-2027-жылы

Шарт түзүлөт, балдарды окууга тартуу жакшырат, ден соолугуна кам көрүлөт,

Жаш жеткинчектерди

Донорлор

Айыл өкмөтү

Райондук фонд

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5.5 Найман эки кабаттуу балдар бакчасынын сыртын, фасадын оңдоо жана биринчи кабатына заманбап эшик, айнек терезелерди орнотуу

2023-2027-жылы

тарбиялоодо коопсуздуктун алдын алууга жана заманбап шарттар түзүлөт.

берүүчү грант.

 

 

5.6 Балдар бакчасына ойноочу аянтча куру, керектүү жетишпеген эмеректерди(мебель) жана ашканасына керектүү ашкана буюмдарын, жабдууларын  алуу

2023-2027-жылы

Балдар бакчасында шарт түзүлөт, балдардын ден соолугу, тамак ашы үүн коопсуздук каралат

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү

 

 

5.7 “Найман” , “Улуу Тоо” балдар бакчаларына инвентарларды алуу

 

2023-2027-жылы

Балдар бакчасында шарт түзүлөт,

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү

 

 

5.8 айыл өкмөттүн аймагындагы соц. обьекттерге видеокөзмөл орнотуу, көбөйтүү

2023-2027-жылы

Айыл ичинде коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу ищштери жакшырат

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү

 

 

5.9.Мектепке тиешелүү болгон жер аянтына башталгыч класстар үчүн мектептин имаратын куруу

2023-2027-жыл

Билим берүүдө заманбап шарттар түзүлөт

Донорлор

Айыл өкмөтү

 

 

5.10 “Найман” эки кабаттуу балдар бакчасынын алдына брусчатка төшөө

2023-2027-жылы

Балдар бакчасында шарт түзүлөт.

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү

 

 

5.11 Балдар бакчасына жеке скважина ачуу, хаус куруу

2023-2027-жылы

Балдар бакчасында шарт түзүлөт.

Донорлор, фонддор,

айыл өкмөтү