Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 11-ноябры № 176
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө төмөнкүлөр бошотулат:
1) Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мөөнөтсүз;
2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 15 жылдын аралыгында.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 987-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин экинчи абзацында ", Жогорку технологиялар паркы түзүлгөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында колдонулуучу" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-беренеде:
а) биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацында "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ЖТПнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынын ичинен шайланат.";
в) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 88 (3642) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 2-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |