НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № XVIII-6
Найман айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июнундагы №23 токтомунун багытын өзгөртүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июнундагы № 23 турак жай куруу жөнүндөгү токтомунун багытын эл тейлөөчү борбор куруу боюнча өзгөртүү маселесин карап чыгып, Найман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Найман айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июнундагы Шамаева Розакан Абдурахмановнанын атына чыккан № 23 турак жай куруу жөнүндөгү токтомунун 500,0 ч.м жер аянтынын багыты эл тейлөөчү борбор куруу үчүн өзгөртүлсүн.
2.Жогорудагы жылдыруу жумуштарынын жүрүшүнө жардамдашуу жагы Найман айыл өкмөтүнүн жер, коммуналдык маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Сатар уулу. А |