Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-марты № 144-28

Гидростроителей көчөсү № 2, № 4 дарегинде жайгашкан жер участокторунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

           Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Колбаевдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 7 жер участорунун максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берүүнү өтүнүү жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1.Төмөнкү жер участокторунун максаттуу багытын өзгөртүү жактырылсын жана ага макулдук берилсин:

-        Аламүдүн айылы Гидростроителей көчөсү № 2 дареги боюнча жайгашкан далдаштыруу коду: 7-01-03-1001-4074 жер участогун от казандар жайынан аянты S=1050,0м2 көп кабаттуу турак үй куруу үчүн;

-        Аламүдүн айылы Гидростроителей көчөсү № 4 дареги боюнча жайгашкан далдаштыруу коду: 7-01-03-1001-4026, аянты S=1050,0м2  жер участогун артезиан скважинасынан от казандар жайы үчүн.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага         

А.П. Филимоненко