МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 17-майы № 148
“Досбек” кредиттик союзунун төрагасы Ж. Кулушевдин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин”18 беренесине ылайык «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну “Досбек” кредиттик союзунун төрагасы Ж. Кулушевдин арызынын негизинде индентификациялык номери 5-06-15-1001-2378 чайкана имаратын 1500 м кв жер аянты менен элди тейлөө багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |