Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-октябры № 645
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 "2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана изилдөө боюнча иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 "2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 3-пункттун үчүнчү абзацында, 4-пунктта "импорт" деген сөз "спорт" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 1, 2.2, 5.5, 6, 6.1, 7.1-пункттарда "II кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
"УИА" деген аббревиатура "УИА*" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"II кв.", "Ill кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 3, 5.2, 5.3-пункттарда "II кв.", "III кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.1, 5.4, 7-пункттарда "III кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта "I кв.", "II кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13.2-пунктта "III кв.", "II кв." деген сөздөр "IV кв." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Пландын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: *Акча каражаттары көрсөтүлгөн мамлекеттик органга жана мекемеге бөлүнөт. Каражаттарды бөлүштүрүү маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Планда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга чыгымдардын сметасынын негизинде жүзөгө ашырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 84 (3638) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |